Манас телеканалынын “Тема" программасынын коногу "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдак комплексинин жетекчиси Болот Абдрахманов болду.
Манас телеканалынын “Тема" программасынын коногу-Тарых илимдеринин доктору Болот Абдрахманов “Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексине байланышкан тарыхый фактылар тууралуу кеңири маалымат берди. Ал 1938-жылдагы саясий куугунтук курмандыктарын эске алуу, алардын тагдырын коомчулукка туура жеткирүү жана Ата-Бейиттин улуттук эс тутумду калыптандырууда орду тууралуу айтып өттү.
Абдрахманов айтымында, комплексте көмүлгөн көрүнүктүү инсандардын өмүр жолу жана ошол мезгилдин тарыхый шарттары бүгүн да илимий изилдөөлөрдө маанилуу оорун ээлейт. Программа баарлашуусунда ал Ата-Бейиттин азыркы муун үчүн тарыхый сабак жана руханий баалуулук катары өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.
Берүүнү толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.
Жазган: Нуриза Мамасалиева