Манас телеканалынын бүгүнкү чыгарылышында Тилек Мирлан менен биргеликте кыргыз тили темасы талкууланды.
Баарлашууда кыргыз тилинин учурдагы абалы, жаштардын тилди колдонуу маданияты жана анын коомдогу оорду боюнча маанилүү пикирлер айтылды.
Маектин жүрүшүндө Тилек Мирлан тилди коргоо туура жол эмес экендигин белгилеп,эң негизгиси-аны күнүмдүк турмушта активдуу колдонуу керек экендигин айтып өттү. Анын айтымында,тил корголгон нерсе эмес,жандуу колдонулганда гана өнүгүп, күчүнө кире турган байлык. Ал социалдык тармактарда, билим берүүдө жана иш чөйрөсүндө кыргыз тилинин үлүшү,өсүшу үчүн ар бир жаран өзү үлгү болушу зарылдыгын белгиледи.
Маек тилибиздин заманбап шартта кандайча өзгөрүп, жаңы муунга кандайчы жетиши керек деген суроолор менен улантылып, көрармандарды да тилди активдүү колдонууга чакырган ой жүгүртүүгө бай болду.
Берүүнү толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар.
Жазган: Нуриза Мамасалиева