Жакырчылык — бул жөн гана социалдык-экономикалык көрүнүш эмес, ал адамдын ички дүйнөсүнө, психикасына тиешелүү терең чындык
@dzhamal.duishekeeva
@saltanat_psychology
Жакырчылык — бул жөн гана социалдык-экономикалык көрүнүш эмес, ал адамдын ички дүйнөсүнө, психикасына тиешелүү терең чындык.
Жардылык адамдын ойлорунун мейкиндигин чектеп, аң-сезимди жашоо үчүн зарыл болгон негизги муктаждыктарга гана багыттайт. Мунун айынан адамдын чыгармачыл потенциалы жана символдоштурууга болгон жөндөмү басылып, мүмкүнчүлүгү болбой калат. Башкача айтканда адамдын ички сезимдерин, ойлорун же тажрыйбасын белгилер, сөздөр же образдар аркылуу түшүндүрө алуу жөндөмү өрчүбөйт.
Мындай абалды «аң-сезим мейкиндигинин кичирейиши” деп аташат — башкача айтканда, мурунку, бала кездеги жүрүм-турум формаларына кайтып келүүсү. Бул регрессияга, жөнөкөй деңгээлдеги психологиялык иштөө абалына кайтууга алып келет (Mullainathan & Shafir, 2013).
Жардылык - акыл-эс, билиш, ой жүгүртүү менен байланыштуу (когнитивдик) ресурстарды түгөтөт, адамды дайыма чарчоо абалында кармайт — бул даана эле, узакка созулган уйкунун жетишсиздигине окшогон таасир жаратат.
Психикалык жактан мындай абал — эгонун үзгүлтүксүз стресс менен күрөшүп, бардык күчүн жөн гана жашап калууга жумшоого аргасыз болгондогу абалына барабар кылат. (Mani et al., 2013).
Жашоонун мындай шарттарында аң-сезимсиз деңгээлде же эссиздикте ички тыюулар жана жаңылыш ишенимдер, туура эмес эрежелер (интроекттер) пайда болот:
«Мага болбойт», «мен татыктуу эмесмин» деген ички үндөр адамдын супер-эгосунун бир бөлүгүнө айланып, адамдагы күнөө жана уят сезимин күчөтөт (Kraus et al., 2012).
Жардылыктын муундан муунга өтүшү — бул жөн гана материалдык шарттардын же турмуштун натыйжасы эмес. Ал ошондой эле эмоционалдык аффекттер аркылуу болот. Булар: тынчсыздануу, уят жана эссиздиктеги «мол жашоо кооптуу» деген ишеним муундарга өтүп турат. Бул көрүнүш Фрейд сүрөттөгөн «психикалык мурастoo» түшүнүгүнө жана заманбап үй-бүлөлүк динамика боюнча изилдөөлөргө шайкеш келет (Conger & Donnelan, 2007).
Каржылык сабатсыздык — бул ички жардылыктын сырткы көрүнүшү деп да айтсак болот. Эгер психикада «ээ болсоң — жоготосуң» же «мал-мүлккө ээ болуу кооптуу» деген интроекттер болсо, анда акча менен иш алып баруу көндүмдөрү таптакыр калыптанбайт же үстүртөн эле кала берет.
Психоаналитикалык көз караштан алганда, каржылык сабаттулуктун жетишсиздиги — бул психиканын ээ болуу жана сактап калуу тажрыйбасын өздөштүрө албай жаткан терең ички кыйынчылыгын көрсөтөт. (Винникоттун «жетишээрлик жакшы чөйрө» концепциясын жана Кохуттун нарциссисттик жетишсиздик жөнүндө теориясын эстесек жетиштүү).
Жардылыктан чыгуу — бул жөн гана тышкы шарттарды өзгөртүү эмес, ошондой эле эссиздиктеги «жакыр» образы менен болгон идентификацияны кайрадан иштеп чыгуу жана өзү, акча жана ээ болуу укугу тууралуу ички баянды кайра түзүүнү талап кылат.
Бул жагынан алганда, каржылык сабаттуулук жөн гана практикалык көндүмдөрдүн жыйындысы эмес. Ал — ички өзгөрүүнүн көрүнгөн белгиси, адамдын өзүнө жана дүйнөгө болгон жаңы мамилесинин далили. Ээ болууга, сактоого жана өзү каалагандай башкарууга жөндөмдүүлүктүн психологиялык көрсөткүчү.