Түрк дүйнөсүнүн дүйнөгө белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматов эскерилди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түрк дүйнөсүнүн дүйнөгө белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматов эскерилди



 

Түрк дүйнөсүнүн дүйнөгө белгилүү жазуучусу Чыңгыз Айтматов эскерилди

 

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чарага бул жылы февраль айында Анкара шаарында Девлет Бахчели тарабынан колдоого алынган, кийинки муундарга түрк маданиятын таанытуу максатында түзүлгөн Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун төрагасы, профессор, доктор Ильяс Топсакал катышты.

Жазуучунун үй-бүлөсү, кесиптештери, күйөрмандары жана ошол күнү өткөрүлгөн “Чыңгыз Айтматов — Түрк дүйнөсүнүн келечеги” форумунун катышуучулары катышкан эскерүү иш-чарасына Кыргызстан Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, TÜRKSOY Эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, баш катчынын орун басары Сайыт Юсуф, Өзбекстандан депутат Акмал Саидов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору профессор доктор Алпаслан Жейлан, Азербайжандан сүрөтчү Сакит Мамедов да катышты.

“Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде 1938‑жылы жашыруун отурумда атууга алынган, жазуучунун атасы Төлөкүл Айтматовдун да ичинде болгон 138 кыргыз акылмандарынын бейитине гүл коюлкп, куран багышталды.  

Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюлду, андан кийин Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров куран багыштады.

 «Айтматов биздин руханий маданиятыбыздын эң чоң архитекторлорунун бири» — деди профессор Ильяс Топсакал: «Айтматов — түрк дүйнөсүнүн, Кыргызстандын, жалпы түрк элинин үнү, рухунун үнү, жүрөгүнүн үнү, адабияттын үнү, чындыгында руханий маданиятыбыздын эң мыкты архитекторлорунун бири», — деди ал.
«Ар бир кылымда түрк дүйнөсүндө чоң баатыр, улуу устат, улуу лидер, улуу мугалим, улуу баяндамачы чыгат. XXI кылымдын ушул мааниде дүйнөнүн төрт бурчунан үнү болуп турганы — Айтматов», — деп кошумчалады.

Топсакал ошондой эле, Чыңгыз Айтматов Институту Девлет Бахчели тарабынан каржыланып, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан колдоого алынып, түрк маданиятын келечек муундарга өткөрүү максатында негизделгенин билдирди.

 

Булак: ''Анадолу'' агенттиги, ''Maнас'' телеканалы

 

Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы Делегация Института Чингиза Айтматова почтительно почтила память Айтматова у его могилы

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться