Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи

Үстүбүздөгү жылдын 24-майында “Үзгүлтүксүз билим берүү” борборунун катышуучуларына сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 24-майында “Үзгүлтүксүз билим берүү” борборунун катышуучуларына сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана аталган борбордун бүтүрүүчүлөрү катышты.

Үзгүлтүксүз билим берүү борбору бул жылы 246 студентке 12 ар кыл тармакта, маселен, оператордук чеберчилик, илимий текст жазуунун ыкмалары, орус, кыргыз тили курстары сыяктуу багытта билим беришти.

Сертификат тапшыруу аземинде университет ректору, профессор Себахаттин Балжы жашоонун ырахатын көрүү жана убакытты болушунча пайдалуу өткөрүү үчүн адам ар дайым изденүүдө болуп, жаңы ачылыштардан коркпошу керектигин айтты. “Жогорку окуу жайлардын башкы милдети - билим берүүдө гана эмес, коомго кызмат кылууда. Бул жааттан алып караганда “Үзгүлтүксүз билим берүү” борборунун мааниси абдан чоң. Андыктан ар бир студент убактысын текке кетирбей, курстарга катышып, жаңы нерселерди үйрөнүүгө шашылуулары тийиш”,-деди.

Ал эми университетибиздин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев адам эч качан билимге тойбошу керектигин баса белгиледи. “Канча жашасаң-ошончо оку деген кеп бар. Адам ар дайым активдүү болуп, дүйнөнү оң жакка өзгөрткөнгө аракет кылышы керек. Дүйнөдө канча маданияттар, тилдер бар. Бир тилди үйрөнүп бүтсөк, дароо экинчисин үйрөнүп баштайлы”,-деп ааламдашкан доордо студенттерди көп тил билүүгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Үзгүлтүксүз билим берүү” борборунун окутуусунан өткөн студенттердин эмгектери тартууланды. Аталган борбордо сабак берген мугалимдер жана курстун катышуучулары сертификаттарын алышып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи Үзгүлтүксүз билим берүү борборунун сетификат тапшыруу аземи

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться