Тил жана маданият майрамы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Тил жана маданият майрамы

Манас университетинде жаз майрамдары алкагында тил жана маданият майрамы болуп өттү.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаз майрамдары алкагында тил жана маданият майрамы болуп өттү.

Манас университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин даярдоо курсунун студенттери жыл аягында алган билимдерин тастыктап, кыргыз, түрк, англис, орус тилдеринде өз таланттарын тартуулашты.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө университет ректору, профессор Себахаттин Балжы студенттерди даярдоо курсун ийгиликтүү аяктагандары менен куттуктап, чыныгы студенттик күндөр али алдыда деп, бул курстун студенттери менен жылдын башында эле таанышып, алардын окуудагы дилгирлигине жана ынтымагына баа бергендигин кошумчалады.

Ал эми Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү доцент Таалайбек Абдиев студенттер бир жыл бою өз ишин мыкты билген мугалимдерден тарбия алгандыгын баса белгилеп, бул кыска аралыкта студенттер жаңы тилдерди мыкты өздөштүрүшкөнүн айтты.

Ачылыш сөздөрүнөн соң студенттер кыргыз, түрк, англис, кытай жана орус тилдеринде ыр ырдап, көркөм окушуп, актердук чеберчиликтерин да көрсөтө алышты.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы Тил жана маданият майрамы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться