Жасалма интеллекттин оң жана терс жактары тууралуу маек
“Тема” берүүсүндө профессор Ахмет Бедри Өзер конок болуп жасалма интеллект, анын пайдалуу жана терс тараптары жөнүндө маек берди.
2025-жылдын 19-мартында “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө профессор Ахмет Бедри Өзер конок болуп жасалма интеллект, анын пайдалуу жана терс тараптары жөнүндө маек берди.
Профессор: “Жасалма интеллект жашообузга келип, көптөгөн жеңилдиктер пайда болду. Аны колдонууга баарыбыздын мүмкүнчүлүгүбүз бар. Дарыгерлердин жумуштарынан баштап, талаа жумуштарына чейин адамдарга жардамчы болуп жатат. Күндөн күнгө жаңы программалар иштелип чыгып, өнүгүү жолунда бара жатабыз. Жасалма интеллекттин өнүгүүсү менен кээ бир кесиптер жок болуп кетүү коркунучу бар дешет, бирок, ал андай эмес. Эскирүүсү мүмкүн, бирок жок болбойт, тескерисинче жаңы кесиптер пайда болот. Бирок, ЖИ канчалык жакшырган күндө да адамдын мээсинен, ой жүгүртүүсүнөн айрымачылык байкалат.
Кээ бир берилген логикалык суроолорго туура жооп бере албай калат. Орто эсеп менен ар бир төртүнчү берген жообу ката чыгат. Ошондуктан берген жообунун баарына ишене берүү да болбойт”,- деп ЖИ тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүштү.
Программаны толугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар.
Жазган: Айтумар Ибраимова