Санариптешүү жана башкаруу жараянында трансформация
“Тема” берүүсүндө профессор доктор Селчук Караман конок болуп санариптешүү, анын бизге тийгизген пайдалары, аны колдонуу жөнүндө маек курдук.
2025-жылдын 12-март күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө профессор доктор Селчук Караман конок болуп санариптешүү, анын бизге тийгизген пайдалары, аны колдонуу жөнүндө маек курдук.
Профессор Селчук Караман: “Азыркы технология өнүккөн учурда бардык жаатта санариптешүү абдан маанилүү. Анын жардамы менен жашообузда көп нерселер жеңилдейт. Мисалы, санариптешүүнүн жардамы менен жөнөкөй доскалар акылдуу доскаларга өттү, дептерлер акылдуу дептерлерге өттү. Китептерди электрондук форматта оңой окуй алабыз. Бир гана бул жактан эмес, убакыт жагынан дагы биз жеңишке жетип жатабыз. Студенттерибиз да университетте төрт жыл окуунун ордуна, балким, келечекте 2-3 жыл окуп калышы мүмкүн. Санариптешүүнү жаш муундар оңой кабыл алып жатышат. Бирок, кааласак да, каалабасак да кабыл алууга мажбурбуз. Дүйнөдө да эң бай адамдардын алдында санариптешүү жаатында иш алып барган адамдар турат. Жаңылануу биздин көйгөйлөрүбүздү чечип, жашообузду жакшыртат, бирок, туура эмес колдоно турган болсок, анын тескериси болгон жыйынтык берип калышы мүмкүн, “ - деп маек берди.
Сөз соңунда, жаштарга кеңеш катары агайыбыз: “Кайсыл жаатта билим алууну кааласаңар билим алгыла, анткени азыркы учурда жасалма интеллекттин жардамы менен билим алуу да жеңил болуп калды. Бирок, өз тармагыңардын адиси болушуңар керек, “ - деп өз кеңешин берип кетти.
Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.
Жазган: Ибраимова Айтумар