Зомбулуксуз жашоо мүмкүнбү?
“Тема” берүүсүндө клиникалык психолог Перизат Асылбаева конок болуп бала тарбиясы, өзүнө ишенимдүү, мыкты балдарды өстүрүү жөнүндө маек курдук.
2025-жылдын 5-март күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө клиникалык психолог Перизат Асылбаева конок болуп бала тарбиясы, өзүнө ишенимдүү, мыкты балдарды өстүрүү жөнүндө маек курдук.
Коногубуз: “Жакшы балдарды өстүрүү үчүн, аларга кичинекей кезинен баштап жакшы мамиле кылып башташыбыз керек. Азыркы технология заманында дээрлик баарысынын ою телефондо, техникада болуп калды. Алардан көз каранды болуп калуусуна жол бербөөбүз керек. Мисалы, жаратылышка телефонсуз алып чыгып, алар менен ачык сүйлөшүү керек. Жаратылышка, мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, патриоттук сезимин ойготуу, ар бир адам ката кетирет, ката кетирөөдөн коркпоосун айтуу, ар дайым жанында болуусун билдирип, баланын жалгыз эмес экендигин сездирүү маанилиүү,” – деп, кеңешин айтып өттү.
Жана ошондой эле, мектептерде да психологдордун окуучулар менен иштешүүсүнүн мааниси чоң экенин, ар бир мектепте өз ишин жакшы билген психолог болушу керектигин айтты.
Маекти толугу менен алдыдагы шилтемеден көрө аласыз.
Жазган: Айтумар Ибраимова