Китепканачылар майрамы! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Китепканачылар майрамы!

        27-май Кыргызстанда китепкана күнү! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы жарлыгы менен  китепканаларды өнүктүрүү максатында "Китепкана күнү" болсун деген токтом кабыл алынган. Кыргызстан китепкана тарыхында болсо алгачкы китепкана 1902-жылы 27-майда ачылган. Ошол себептүү майрамдын датасы катары аталган күн бекитилген. Андан берки 7 жылдык аралыкта республикабыздагы бардык китепканалар колунан келишинче бири-бири менен тыгыз карым-катыш куруп иштешип өз ишмердүүлүктөрүн арттырып келишет. Мына ушул теманы бекемдей Кыргыз-Түрк Манас университетинин Китепкана иштери жана документация башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбековду "Жаңы күн" радиодолбоорубузга чакырганбыз.

         Жарым сааттык маектин башындаэле Максатбек мырза китепкана күнүнүн мааниси жылдан жылга артып баратканын, Бишкектеги бир топ китепканаларда атайы китеп окуу түндөрү, китепти өнүктүрүү боюнча илимий-практикалык конференциялар, кызыктуу китеп көргозмөлөр уюштурулуп жатканын баса белгиледи. 

         Андан соң маегин салттуу китепканалар тууралуу улантып: "Маалымат технологиясынын өнүгүшү менен китепкананын технологиясын да артыруу керек. Албетте электрондук каталог түзүп окурмандарды өзүнө тартуу керек. Планшеттен китеп окуганга караганда бир роман китепти колуна алып барактап окугандын ырахатын эч нерсеге алмаштыра албайсың. Европада тескерисинче китеп бастырууну көбөйттү. Себеби электрондук китеп адамдын аң сезимин салттуу китеп окуганга караганда аз өнүктүрөт.",-деди.

         Кыргыз-Түрк Манас университетинде иштегенине байланыштуу М.Ынакбеков окуу жайдын китепканасынын ишмердүүлүгүн да унутта калтырган жок. Манас университтинин китепканасынын 90 миңден ашуун китеби, электрондук маалымат базаларын олкуганга ылайыкташтырылган 3 жерде компьютердик залы, эң алды 3 миллионго жакын электрондук китептер камтылган 47 электрондук маалымат базага каттоосу бар экенин түшүндүрдү. 

         Кыргызстандагы "Кыргыз китепкана жана маалымат кеңешмеси" аттуу курумга мүчө болгон Манас университетинин китепканасы айрыкча Кыргызстандын сыртында Америкадагы Конгресс китепканасы, Норвергиянын Телемарк университетинин китепканасы, Түркиядагы ЙОРДАМ китеп маалымат базасы, Казакстандагы Назарбаев университетинин китепканасы ж.б. абройлуу китепканалар менен  тыгыз байланышта болуп иш алпараарын баяндады. 

         Жарым сааттык эфирдин алкагында угармандар тарабынан да кызыктуу суроолор узатылып адис Максатбек Ынакбеков тарабынан канаттандыраарлык дегээлде жооп берилди.

Жылдызбек Турсунбаев

Китепканачылар майрамы! Китепканачылар майрамы!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться