Манастын жаш илимпоздору Sakura Science’та » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манастын жаш илимпоздору Sakura Science’та

"Сакура" илимий алмашуу программасынын катышуучулары биздин студиябызда.



2025-жылдын 22-январь күнү “Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүндө “Сакура” илимий алмашуу программасына катышып, Японияда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келген “Манас” университетинин инженердик факультетинин илимпоздору, Айбек Бодошов, Руслан Адил Акай Тегин жана аты аталган факультеттин студенттери, Алтынай Субанбекова, Алия Шайбекова конок болушуп, илимий изилдөө жаатындагы иштер, “Сакура” программасы жөнүндөгү ойлору менен бөлүшүп, маек куруп кетишти.

       Конокторубуз, илимий изилдөө жаатында гана эмес, деги эле бардык жааттарда маалымат алмашуунун, ар кайсы өлкөлөргө барып билим алуунун абдан маанилүү экендигин, аты аталган “Сакура” программасы да ушул максатты көздөп, студенттер, илимпоздор арасында маалыматтарын, изилдөөлөрүн алмашып, биргеликте иштөө максатын көздөгөнүн айтып өтүштү. Ал эми өлкөбүз жөнүндө кеп кылсак, өзүбүздүн ресурстарыбызды, кен-байлыктарыбызды туура иштетүүнү үйрөнгөнүбүздө, ар бир адам билимин, илимин мекенине жумшаганда, өнүгүүнү өзүбүздөн баштаганда гана Кыргызстан өнүгүп башташын баса белгилеп өтүштү. 

        Чет өлкөдөн билим алып, өзүмдү өнүктүрөм деген жаштарга кеңеш катары, тил үйрөнүүсү керектигин, эрктүү, тайманбас болуусу керектигин, жана ошондой эле жакшы окуунун да маанилүүлүгүн айтып кетишти.

 

 

 

Жазган: Айтумар Ибраимова

 

Маекти толугу менен төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыз.


Загрузка плеера...


Манастын жаш илимпоздору Sakura Science’та Манастын жаш илимпоздору Sakura Science’та

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться