“Тема” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында гендердик сезимтал журналистикасын жайылтуу адиси Кундуз Жекшен кызы жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун долбоордук координатору Бекжан Оторов мейман болду
“Манас” телеканалынын “Тема” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында гендердик сезимтал журналистикасын жайылтуу адиси Кундуз Жекшен кызы жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун долбоордук координатору Бекжан Оторов мейман болушуп, өлкөбүздөгү тең укутуулук, аялзатынын коопсуздугу, гендердик бөлүштүрүү, жана ошондой эле зордук-зомбулукту алдын алуу жолдору жөнүндө сөз кылышты.
Кундуз Жекшен кызы: “Коомубузда тең укутуулук орун алышы үчүн кыздарга ата-энелери тарабынан колдоо көрсөтүлүүсү керек. Эркектер кыйын деген кандайдыр бир стереотиптер калыптанып калган. Ошол үчүн да медиа кызматкерлери эксперт катары көп учурда эркек адамды чакырышат. Карап көрсөк, статистика боюнча жогорку квалификациядагы адистердин 70% айымдар. Ал эми зордук-зомбулуктун санын азайтуу үчүн мыйзамды күчөтүү керек,” – деп сөзүн жыйынтыктады.
Бекжан Оторов болсо, үй-бүлө мүчөлөрү бири-бирин түшүнө билүүсү үчүн ар кандай тренингдердин өткөрүлүп жатканын, уруш-жаңжалды азайтуу үчүн бала кезинен эле туура тарбия берүү керек экендигин, жана эң маанилүүсү, өзгөрүүнү өзүбүздөн баштап, өзүбүздү оңдошубуз керек экенин айтып өттү.
Эске сала кетсек, 2024-жыл ичинде аялдарга каршы 14 293 зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учур расмий түрдө катталган.
Жазган: Айтумар Ибраимова