Түркиянын коммуникация департаментинин директору Фахреттин Алтун Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясына байланыштуу билдирүү жасады » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын коммуникация департаментинин директору Фахреттин Алтун Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясына байланыштуу билдирүү жасады



 

Бүткүл дүйнөнүн көз алдында Израил бир жылдан бери Газада геноцидди, кан төгүүнү улантып, эл аралык мыйзамдарды, адамдык баалуулуктарды тебелеп, карапайым калкты, бейкүнөө адамдарды, медицина кызматкерлерин жана журналисттерди кырып жатат. Бул тууралуу Түркия президентинин коммуникация департаментинин директору Фахреттин Алтун X социалдык тармагына жазды.

Фахреттин Алтун: “Үрөй учурган бул мыкаачылык адамзаттын жалпы абийирин жаралап жатат. Адамдардын эң негизги муктаждыктарын камсыздоосуна тоскоол болгон Израиль 2023-жылдын 7-октябрынан бери 50 миңге жакын палестиналыкты өлтүрдү.

Бул мыкаачылык, албетте, жазасыз калбайт. Израиль эртедир-кечтир бул үчүн жооп берет.

Израилдин Газадагы геноцидинде каза болгон палестиналыктарды дагы бир жолу эскерип; тарыхтын маскара барактарынан орун алган бул кыргынды жектейбиз.

Биз эл аралык коомчулукту бул геноцидди уюштургандарга каршы үн катууга чакырабыз.

Президентибиз Режеп Тайып Эрдогандын жетекчилигинде мындан ары да бейкүнөө адамдардын жанында, зулумдукка каршы турабыз” деди.

Түркиянын коммуникация департаментинин директору Фахреттин Алтун Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясына байланыштуу билдирүү жасады

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться