Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор И. Чапак Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор И. Чапак Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту

Кыргыз-Түрк Манас университетининкамкорчулар кеңешинин төрагасы профессорИбрахим Чапак Кыргызстандын Анкарадагыэлчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту.

Жолугушууда элчи Руслан Казакбаев,Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерденболуп тааныган боордош мамлекет ТүркиянынКыргызстан үчүн мааниси чоң экенин баса белгилеп, эки өлкөнүн биргелешкен жогорку окуужайына өзгөчө маани берилерин билдирди.

Руслан Казакбаев өз кезегинде профессор Ибрахим Чапакка жаңы кызматындаийгиликтерди каалап, ар бир тармактын өнүгүүсүнө салым кошуп жатканМанасуниверситети менен кызматташууга жана окуужайдын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экендигин баса белгиледи.

Кыргызстанда кызмат кылуу өзгөчө сыймык экендигин белгилеген профессор Ибрахим Чапак, Кыргызстанга болгон сапарынын алдында,  атайын элчи  менен жолугушуп, Руслан Казакбаевдин тажрыйбасынан пайдаланууну максат кылганын кошумчалады.

Манас университетинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдеген маанилүү долбоор экенин баса белгилеген профессор Ибрахим Чапак университетти эл аралык деңгээлге көтөрүүгө, жогорку окуу жайларында дүйнөлүк брендге айлантууга, түрк дүйнөсүнүн жаштарын бир түндүк астында бириктирип, кесипкөй адистерди  даярдоо үчүн талыкпай эмгектенүүгө ар дайым даяр экендигин айтты. Дүйнөдөгү катаал атаандаштыкта, түрк дүйнөсүнүн биримдигин дагы да чыңдоого салым кошуу үчүн биргелешип, жан дили менен иштейтургандыгына сөз берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан башка түрдүү тармактардагы кызматташуулар да талкууланды.

 

“Манас” телеканалы



Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор И. Чапак Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту Камкорчулар кеңешинин төрагасы профессор И. Чапак Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Руслан Казакбаев менен жолугушту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться