Балдар биздин келечек » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Балдар биздин келечек

26-майда Бишкектеги БУУнун үйүндө “Кыргызстандагы балдардын абалы” аталышындагы тегерек стол болуп өттү



Кыргызстандагы балдардын абалы туурасында Юнисеф тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 26-майда ММК лардын катышуусунда тегерек стол болуп өттү.

Иш чаранын негизги максаты өлкөбүздөгү балдардын абалын ММКлар аркылуу жалпы элге жайылтуу.Жаш балдардын төрөлгөндөн тартып, билим алганга чейинки аралыкта туш келип жаткан көйгөйлөрү,билим алуусу,коомго аралашуусу туураалуу маалыматтарды такталган фактылар менен көпчүлүккө жеткирүү.

Маалыматка ылайык Кыргызстанда 2 млн.дон ашык жаш жеткинчектер жашайт.Алар жалпы калктын 37% түзөт.Өлкөбүздүн келечеги болгон балдар туурасында Юнисеф тарабынан изилденген иш чаралардын кыскача жыйынтыгы:

1.Билим берүү: а)жалпысынан билим берүүнүн сапатында 2006-ж.92% түзсө, 2014 бул көрсөткүч 99%жеткен. Айыл жергесинде 2006-ж. 8,8% дан 2014-ж. 40% көтөрүлгөн;

Б)билим берүүдөгү эң көйгөйлүү маселе катары балдардын мектепке барбагандыгы эсептелет.

2.Социалдык коргоо: а) Жеткинчектер арасындагы кедейлик 2010-ж. 6,6% болсо,2014-ж. 1,7% көрсөткөн;

Б) 14-28 жаш курактагылар арасындагы кедейлик 44% ды түзөт;

3.Санитария: а) мектептердин таза суу менен камсыз болуусу 2006-ж. 34%дык көрсөткүчтө болсо,2016-ж. 64% болгон;

Б) 54 мектепте жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык 18% окуучулар мектепте колдорун жуушары аныкталган;

4.Медицина: а) 5 жашка чейинки жаш балдар арасындагы өлүм 1990-ж. 1000 балага 69 туура келсе,2014-ж 29 ду түзгөн;

Б) Учурда 26 000 бала мүмкүнчүлүгү чектелген майыптардын катарын толуктайт;

5.Үй-бүлөлүк абал: а) акыркы 5 жылдын ичинде 3000 бала интернаттардан алынып,ата-эненин камкордугуна бөлөнгөн;

Б)2009-ж. Изилдөөгө ылайык 73% балдар зордук зомбулукка кабылган;

В) Эркинен ажыратылган жеткинчектердин саны 84% азайган.

                                                                                                   Жазган: Байкулов Эржан


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться