Өнөрлүү жаштар: Манастын кыздары, Түрк элдик бий тобу, Монгол бий тобу, "Дастан" комузчулар тобу ж.б » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Өнөрлүү жаштар: Манастын кыздары, Түрк элдик бий тобу, Монгол бий тобу, "Дастан" комузчулар тобу ж.б

Социалдык, технологиялык жана экономикалык өзгөрүүлөр болгон бүгүнкү күндө искусство жана маданият маанилүү роль ойнойт. Бул түшүнүктөр эстетикалык канааттануу менен гана чектелбестен, инсандарды жакындатуу, иденттүүлүк түзүү жана адамдын дүйнөнү түшүнүүсүнө салым кошуу сыяктуу маанилүү кызматтарга да ээ. Жалыпсынан айтканда, искусство жана маданят коомдорду, адамдарды жана жүрөктөрдү бириктирет.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети музыка жана бий сыяктуу искусство түрлөрүн үйрөнгүсү келген студенттерибизге бардык шарттарды тартуулап, алардын бул тармактарда өнүгүшү, достугунун бекемделиши, өздөрүн инсандык жактан өстүрүшү жана тажрыйба топтоосу үчүн жан үрөп келет. 



Бул чыгарылышыбызды студенттерден түзүлгөн ыр-күү-бий топторуна арнайбыз! Бул “Университет жашоосу” программасы, сиздер менен мен Гульзира Кенешова. Биз баштадык!


Загрузка плеера...



Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться