Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “VIII Келечек менен баарлашуу” аталышында медиа жыйыны өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 20-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түрк дүйнөсүнүн массалык маалымат уюмдары, коммуникация факультетинин окутуучулары жана студенттеринин катышуусу менен “VIII Келечек менен баарлашуу” аталышында медиа жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, Түркиянын Анадолу агенттигинен, Түркиянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин (ТИКА) өкүлдөрү, ТРнын радио, телевидение боюнча мамлекеттик комитетинин мүчөлөрү, түрк дүйнөсүнүн массалык маалымат уюмдары, университеттин жалпы жамааты жана студенттер катышты.

Иш-чара “Көчмөндөр оюну” аталышындагы кыска даректүү тасма менен башталды.

Жыйындын алкагында Анадолу кабар агенттигин фотоархивиндеги сүрөттөрдөн түзүлгөн “Качкындардын сүрөт көргөзмөсү” уюштурулду. Бул жылкы көчмө семинар адам укуктары түшүнүгү алкагында качкындар маселесинин ММКларында чагылдырылышы темасына арналды.

Жыйындын ачылышында Манас университетинин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев бүгүнкү ааламдашкан доордо ММК чоң ролду ойноп жаткандыгын баса белгилеп, башкысы муну адамзатка зыянын тийгизип албай туура колдонуу керектигине токтолду. “Биздин окуу жай медиа тармагында өз ишин мыкты билген адистерди тарбиялап жатат. Университетибизде студенттер алган теориялык билимдерин “Манас FM” радиосу жана “Манас” гезитинде практикалык иштер менен бекемдешет,-деди А.Кулмырзаев.

Андан соң КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова КРнын премьер- министри Сооронбай Жээнбековдун жолдогон куттуктоо катын окуду. Анда семинардын катышуучулары даанышман Жусуп Баласагындын дүйнө, башкаруу жана адамдар арасындагы мамиле тууралуу ойлору менен жакындан таанышып, өз ара пикир алышып, анын калтырып кеткен бай мурасына дагы бир ирет кайрылуу маанилүү экендиги айтылган.

ТРнын телевидение жана радио боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси, профессор Илхан Йерликая XXI кылымда медиа тармагында болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүп жаткандыгын баса белгиледи. Бирок кандай гана өнүгүү-өзгөрүү болбосун теориялык билим менен практиканы бекем айкалыштырып, этикалык баалуулуктарды башкы орунга койгон журналисттерди тарбиялоот керектигин айтты. Бул жаатта Манас университети чоң салым кошуп жаткандыгын белгилеп өттү.  

Мындан тышкары медиа жыйындын жүрүшүндө Манас университетинин Коммуникация факультетинин деканы, профессор Садуллах Чеби, Түрксой уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин, ТИКА агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү Эврен Рутбил көчмө жыйындын катышуучуларына ийгилик каалап, ММКнын күндөлүк жашоодогу маанисине токтолуу менен: “Мыкты журналист өз кесибинин этикалык кодекстерин бузбай сактоосу, коомго объективдүү маалыматты жеткирүүсү абдан маанилүү”,- деди.

Куттуктоо сөздөрүнөн соң “Адам укуктары түшүнүгү алкагында качкындар маселесинин массалык маалымат каражаттарында чагылдырылышы” аттуу отурум өз ишин улантты.

Белгилей кетсек, бул медиа жыйын Түркия Республикасынын Телевидение жана радио боюнча мамлекеттик комитети тарабынан 2009-жылдан бери ырааттуу түрдө уюштурулуп келе жатат. Көчмө медиа жыйын 21-24-май күндөрү Чолпон-Ата жана Алматы шаарында уланмакчы.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү Манаста “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйыны өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться