«Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду

“Анадолу” маалымат агенттиги жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту.



“Анадолу” маалымат агенттиги (АА) жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) үстүбүздөгү жылдын 18-майында кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Окуу жайдын Радио-ТВ жогорку мекемеси тарабынан үстүбүздөгү жылдын 20-24-майында өткөрүлгөн “VIII Келечек менен баарлашуу” медиа жыйынына катышуу максатында Бишкекке келген АА башкы мүдүрүнүн орун басары Мустафа Өзкайа университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлуп, КТМУнун студенттери үчүн АА тарабынан өткөрүлгөн илимий иш-чараларга катышууга, аталган маалымат агенттигинде практика иштеринин өтүүсүнө негиз түзүлдү. Макулдашууга университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана АА башкы мүдүрүнүн орун басары Мустафа Өзкайа катышып, кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Кол коюу аземинде окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы эки мекеменин кызматташуусу менен дагы көптөгөн ийгиликтерди багынтабыз деген ишенимин билдирди.

Ал эми өз кезегинде “Анадолу” маалымат агенттигинин башкы мүдүрү Өзкайа аталган агенттик бардык университеттер менен кызматташууларда эместигин белгилеп: “Манас университетинин Анадолу маалымат агенттиги тарабынан тандалып алынышы биз үчүн өтө маанилүү. Анткени Азиянын так ортосунан орун алгандыгы жана сапаттуулугу менен таанылышы, аймактагы динамикалык мүмкүнчүлүгү жагынан абдан мааниге ээ. Бул кызматташуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү алып келет”, - деген оюн билдирди.

Аземге АА финансы директору, доцент Сейфи Йылдыз да катышты.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


«Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду «Анадолу” маалымат агенттиги менен кызматташууга кол коюлду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться