ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста

ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси “Манас” университетинде конокто болду. 



ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси, профессор Йекта Сарач үстүбүздөгү жылдын 19-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде конокто болду. 

ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси, профессор Йекта Сарач, КТМУнун кеңешме залында университеттин таанытуу фильми жана Кыргызстандын көчмөн турмушун чагылдырган “Көчмөндөр” аттуу кыска метраждуу фильмин көргөндөн соң, окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжынын университеттин азыркы абалы, өнүгүүлөрү тууралуу маегине жана айтылган сунуштарга көңүл бурду.

Университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жолугушуунун ачылыш сөзүндө, Түркиянын жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин окуу жайга келиши кубаныч тартуулаганын жана аларды коноктоо абдан сыймык экенин белгиледи.

Ал эми профессор Йекта Сарач өз сөзүндө жогорку билим берүү мекемесиндегилер менен бирге Манас университетине келгенине кубанычта экенин билдирип: “Түркия менен Кыргызстандын тарыхы бир өлкөлөр. Эки боордош өлкөнүн достугу күчтүү байланышка ээ жана бул байланышты Манас университети дагы да бекемдеп келет. Чындыгында бул миссия эки өлкө ортосундагы карым-катнашты бекемдеп гана тим болбостон, илимий жактан да өзүн таанытуунун аракетинде чоң иш алып барууда.”,-деди. “Чындап келгенде бир университет үчүн 20 жыл абдан эле аз, бирок бул 20 жыл ичинде бир топ ийгиликтерге жетишенине күбө болдук. КТМУ 14 өлкөнүн жаштарын бир жерге топтоп, башын кошкон университет катары мындай жол менен улана берсе, эл аралык университет талабына жооп бере алары анык. Бул эки өлкөнүн келечекте ишенимдүү багыт алуусуна, өсүп-өнүгүүсүнө негиз боло алат. Учурда өлкөлөр бири-бири менен илимий жашоодо атаандашып жаткан чакта Манас университети балдарыбызды ишеничтүү жерде тарбиялоонун очогу катары эки өлкөгө кызмат өтөөдө. Бул окуу жайдын өнүгүшүнө дайым колдоо көрсөтөбүз деп жогорку билим берүү мекемесинин атынан да убадамды берем”,-деп сөзүн жыйынтыктады.

Жолугушуунун соңунда ректор, профессор Себахаттин Балжы ТР Жогорку билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, профессор Йекта Сарачты кечки тамакка чакырды.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланышуу бюросу


Загрузка плеера...


ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста ТР Жогорку билим берүү башкармалагынын жетекчиси Манаста

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться