БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫ - КОНОК ӨЛКӨ ТҮРКИЯНЫН КИНО ЖУМАЛЫГЫ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫ - КОНОК ӨЛКӨ ТҮРКИЯНЫН КИНО ЖУМАЛЫГЫ



Бишкекте 2023-жылдын 17-21-ноябрь күндөрүндө өтө турчу Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин салымы, ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкек элчилиги, ТИКА, Юнус Эмре институту жана “Йерли Дүшүнже” коомунун колдоолору менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинематография департаменти жана фестивалдын башкы өнөктөшү Кыргыз-Түрк Манас университети тарабынан  конок өлкө катары Түркиянын кино жумалыгы өткөрүлөт.  

Көптөгөн кино жана басма сөз коомчулугунун катышуусу менен 18–ноябрда өткөрүлө турган Түркия күнүнүн жана кино жумалыгынын ачылыш аземи Манас университетинде түрк режиссёр Левент Онандын  “Акыркы кечки тамак” аттуу тасмасынын коштоосунда өтөт.

Боордош өлкө Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кинонун күчүнө негизделген дагы бир көпүрөнү курууну көздөгөн “Түрк кино жумалыгында” кесипкөй режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен бирге кино сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун жараткан таанымал тасмалары да жалпы көрүүчүлөрдүн назарына сунулат. Ошондой эле бул мыкты тасмалар аркылуу түрк кинематографиясына «панорамалык» сереп салуу мүмкүнчүлүгү жаратылат.

Борбор калаанын Манас кинотеатрынын жашыл залында  өтө турчу жумалыкта “Акыркы кечки тамак”, “Берилгендик Хасан”, “Эфлатун”, “Буудай даны”, “49”, “Бир тутам гвоздика” жана “Рафадан тайпа – Галактикалык тайпа (анимация)” тасмалары кино көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Ошондой эле тасмалар көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр үчүн киночулар менен маектешүү уюштурулуп, түрк киносу боюнча талкуулар жүргүзүлөт.

Иш-чаранын алкагында кыргыз-түрк  кино өкүлдөрүнүн жолугушуулары болуп, биргелешкен иш-чаралар, сценарийлер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана маектер өткөрүлөт. Ошондой эле Кыргыз-Түрк Манас университетинде  анимациялык тасмаларды жаратуу боюнча семинар жана талкуулар ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, Бишкек эл аралык кинофестивалы Кыргыз республикасынын президентинин 2022-жылынын 20-майындагы  “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулууда.

Көрсөтүлө турган тасмалар:

  1. Акыркы кечки тамак118 мүнөт
  2. Берилгендик Хасан - 120 Мүнөт
  3. Эфлатун - 103 Мүнөт
  4. Буудай даны - 120 Мүнөт
  5. 49 - 103 Мүнөт
  6. Бир тутам гвоздика – 120 мүнөт
  7. Галактикалык тайпа – 86 мүнөт

 

ТҮРК КИНО ЖУМАЛЫГЫНЫН ПРОГРАММАСЫ

 

17-НОЯБРЬ 2023 – ЖУМА - МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ

Убакыт: 14:00 - Манас университети анимация семинары (Исмайыл Фидан)

Убакыт: 15:00  - Кино жумалыгы жөнүндө Медиа Манас телемаеги

 

ТҮРК КИНО ЖУМАЛЫГЫНЫН АЧЫЛЫШЫ

18-НОЯБРЬ 2023 – ИШЕМБИ – МАНАС УНИВЕРСИТЕТИ

Убакыт: 17.00 Кофе-брейк

Убакыт: 17.30 Ачылыш сөздөрү

Алтынбек Максүтов - Кыргызстандын маданият, маалымат, сопрт жана жаштар саясаты министри.

Др. Батухан Мумжу – Түркия Республикасынын маданият жана туризм министринин орунбасары

Ахмет Садык Доган –  Түркия Республикасынын Бишкектеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси

Проф. др. Алпарслан Жейлан- Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректору

Метин ГүндогдуЖергиликтүү ой-пикир коомунун генералдык директору

Убакыт: 18.00 – Ардак грамотасы жана сыйлык тапшыруу

Убакыт: 18.30   “Акыркы кечки тамак” – 118 мүнөт

 

18-НОЯБРЬ 2023 – ИШЕМБИ - МАНАС КИНОТЕАТРЫ-ЖАШЫЛ ЗАЛ

Убакыт: 11:00 Галактикалык тайпа – 86 мүнөт

Убакыт: 13.00 Буудай даны - 120 Мүнөт

 

19-НОЯБРЬ 2023- ЖЕКШЕМБИ – МАНАС КИНОТЕАТРЫ-ЖАШЫЛ ЗАЛ

Убакыт: 11.00 49 – 103 Мүнөт

Убакыт: 13.00 Бир тутам гвоздика – 120 мүнөт

 

20-НОЯБРЬ 2023- ДҮЙШӨМБҮ - МАНАС КИНОТЕАТРЫ-ЖАШЫЛ ЗАЛ

Убакыт: 10.30  Эфлатун - 103 Мүнөт

Убакыт: 14.00 Берилгендик Хасан – 147 Мүнөт


Загрузка плеера...


БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫ - КОНОК ӨЛКӨ ТҮРКИЯНЫН КИНО ЖУМАЛЫГЫ БИШКЕК ЭЛ АРАЛЫК КИНОФЕСТИВАЛЫ - КОНОК ӨЛКӨ ТҮРКИЯНЫН КИНО ЖУМАЛЫГЫ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться