19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан уюштурулган VII спорт оюндарынын сыйлык тапшыруу аземи менен коштолду.



Үстүбүздөгү жылдын 19-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан уюштурулган VII спорт оюндарынын сыйлык тапшыруу аземи менен коштолду. Майрамдык кечеге Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, университет проректорлору, окуу жайыбызда спортту өнүктүрүүдө салым кошуп келе жаткан демөөрчүлөр “Atlas Global» авиакомпанияcы жана эл аралык Demir Bank коммерциялык банкынын өкүлдөрү, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чара университет ичинде өткөрүлгөн спорттук мелдештерге катышкан факультеттердин парады менен башталды. Андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери ойнолуп, куттуктоо сөздөрү айтылды. Университеттин проректору, профессор Али Бахадыр кеченин ачылыш сөзүндө күндүн маанилүүлүгүнө токтолуп:

“Бул күн эгемендүү мамлекет, жаркын келечек үчүн кадам ташталган күндөрдүн бири. Түркия Республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрк жаңыдан жаралуу, тарыхта жаңыдан пайда болуу жана түрк улутунун кыйрабастыгын белгилеген күндү жаштардын колуна тапшырып, майрам катары жаштарга тартуулаган. Ошол кездеги малекеттин эгемендүүлүгү үчүн чыккандардын көбү жаштар эле. Мына ушул күндөн 3-4 жылдан кийин Түркия өз эгемендүүлүгүн алган”,-деди.

Андан соң Манас университетинин Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү Канат Жанузаков иш-чарага келгендерди майрамы менен куттуктап, аталган жогорку мектептин студенттеринин жетишкендиктери тууралуу кыскача отчет берип, студенттер өлкө ичинде жана дүйнөлүк таймаштарда Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келе жаткандыгын сыймыктануу менен айтты. Ошондой эле окуу жай ичинде уюштурулган спорттук мелдештерде эң көп упай топтогон факультеттерге сыйлыктар тапшырылды. Упайлардын эсеби боюнча 3-орунда Инженердик факультети, 2-орунда Гуманитардык факультети болсо, 1-орунду Экономика жана башкаруу факультети багындырды. Жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырылып, кече концерттик программа менен жыйынтыкталды.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться