Ленин районунун салык инспекциясынын адиси Жаңы Күн уктуруусунда конок болду. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ленин районунун салык инспекциясынын адиси Жаңы Күн уктуруусунда конок болду.



            Ленин районунун салык инспекциясынын жергиликтүү салыктарды жыйноо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы инспектору Абдисияев Алмаз Дамирович "Жаңы Күн" уктуруусунун "сиз күткөн конок" рубрикасынын кезектеги коногу болду. Аталган инпекциянын адиси угармандардын суранычы боюнча атайы чакырылган эле.

 

            Жарым сааттык эфирдин алкагында Алмаз Дамирович салыктын 4 тобу бар экенин, 1-тобу жеке турак үй жана жеке батирлер, 4-тобу жеке автоунаа боюнча салыктар физикалык инсандар тарабынан төлөнө турганын баса белгиледи. 1 топто 150 м2 ден ашык турак жайга жана 80 м2 ден ашык жеке батирге ээ инсандар ар бир ашкан м2 ге белгиленген коэффициент боюнча салык төлөш керектигин, салыктын өлчөмү  салынган үйдүн жылына, дубалынын материалына ж.б. нерселерге жараша чыгаарын айтып берди. 

            Ал эми 4 топко кирген автоунаа салыгы бардык автоунаа ээлерине таандык экенин, жашаган жерлериндеги салык кызматтарына барып кайрылышса унаанын жылына, см3 уна жараша төлөнө турган бааны чыгарып беришээрин түшүндүрдү. 

            Алмаз Дамирович өз сөзүндө: "Кыргыз Республикасында салыктан толугу менен бошотулган эч ким жок. Бирок 2 топтогу майыптар, пенсионерлер, төрт балалуу жаш үй бүлөлөр, Чернобль окуясынын, Афган согушунун катышуучулары ж.б. сыяктуу инсандар атайы 50% га чейин жеңилдиктерге ээ болушат."- деди. Өз убагында салык төлөбөгөн физикалык жарандар 2000, юридикалык жарандар 5000 сомго чейин айып пул тартаарын да унутта калтырган жок. 

            Сөзүнүн соңунда мына ушундай керектүү маалыматтарды берүүгө көмөк көрсөткөнү үчүн Манас радиосуна ыраазычылык билдирип, бардык жарандарды өз убагында салык төлөөгө чакырып кетти.  

                                                                                                                                    Жылдызбек Турсунбаев

Ленин районунун салык инспекциясынын адиси Жаңы Күн уктуруусунда конок болду. Ленин районунун салык инспекциясынын адиси Жаңы Күн уктуруусунда конок болду.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться