Биринчи проректор Бактыгүл Каламбековага БатМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Биринчи проректор Бактыгүл Каламбековага БатМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды



Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору, дипломат, элчи, экономика илимдеринин кандитаты, Бактыгүл Каламбековага Баткен мамлекеттик университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

Биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова БатМУга иш сапары менен барып, окуу жайдын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Айдарбек Гыязов менен жолукту. Алгач окуу жайда аткарылып жаткан иштер менен таанышкан Бактыгүл Каламбековага окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде "БатМУнун Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.
Окуу жайдын жалпы эмгек жамааты жана студенттер катышкан жолугушууда Бактыгүл Рысбаевна "Ааламдашуу заманында мамлекеттик эгемендиктин тагдыры кандай болот? жана "Мекенди сүйүү артыкчылыкпы же зарылчылыкпы?" деген темада баяндама жасады.

Жолугушууда биринчи проректор Бактыгүл Каламбекова Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышында Баткен мамлекеттик университетинин салымы бар экенин баса белгиледи: "Кыргызстандын 30 жылдык өнүгүү системасында БатМУнун да салымы чоң. Анткени окуу жай кадрларды даярдоодо зор салым кошууда. Элет эли - окуган, сабаттуу адамдардын көз карашына ар дайым таянат. Ушул ролду Баткен мамлекеттик университети аткарып жатканына сыймыктанам. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чыңдалышында баткендиктердин жана Баткен мамлекеттик университетинин салымы бар экендиги талашсыз”, - деди.
Эскерте кетсек, Каламбекова Бактыгүл Рысбаевна - Кыргыз Республикасынын Президентинин туңгуч аял кеңешчиси, 10 китептин жана 45 илимий макаланын автору. Ал КРнын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы бардык баскычтарды басып өткө, ал эмгектери үчүн Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык эң жогорку наамы ыйгарылган. Үстүбүздөгү жылдын 2-мартында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору кызматына дайындалган.

Биринчи проректор Бактыгүл Каламбековага БатМУнун "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться