VIII. Келечек менен байланыш медиа жыйыны » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

VIII. Келечек менен байланыш медиа жыйыны

20-22-май күндөрү өтүүчү медиа жыйын алгач Бишкек шаарында 20-майда башталат.



20-22-май күндөрү өтүүчү медиа жыйын алгач Бишкек шаарында 20-май күнү КТМУнин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында саат 15:30да башталат. Чолпон-Ата шаарында эл аралык “VIII. Келечек менен байланыш” аттуу медиа жыйын өз ишин улантат.
“VIII. Келечек менен байланыш” аттуу эл аралык медиа жыйынга Түркияда медиа багытында билим алган 15тен ашуун өлкөнүн жаш медиачылары жана журналисттери катышат.
Иш-чара Түркия өкмөтүнүн түрк тилдүү мамлекеттер жана бир тууган элдер башкармалыгы, Радио жана телеберүү жогорку кеңеши жана Кыргыз-Түрк Манас университети тарабынан уюштурулуп жатат.
Ошондой эле, “VIII. Келечек менен байланыш” медиа жыйыны 23-24-май күндөрү Алматыда да өткөрүлөт.Белгилей кетели, аталган “Келечек менен байланыш” медиа жыйыны 2009-жылдан бери Түркия өкмөтүнүн түрк тилдүү мамлекеттер жана бир тууган элдер башкармалыгы, Радио жана телеберүү жогорку кеңеши тарабынан демилгеленип, откөрүлүп келет.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться