"Жаңы күн" программасында Улуттук банктын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Мирсудин Исаев конокто болду.
Эфирде Мирсудин Исаев керектөөчүлөрдүн укугун коргоо кандайча жүргүзүлөт, кимдер кайрыла алат жана кайрылуунун эрежелери тууралуу маалыматтар менен бөлүштү.
"Негизинен Улуттук банк банктык системанын ишин жөнгө салышына эрежелерди түзүп, көзөмөл жүргүзөт. Андан тышкары, Улуттук банктын кошумча ыйгарым укуктары банктык жана төлөм кызматын жүргүзгөн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо болуп эсептелет" - деди ал.
Жазган: Асанканова Гипариза