Базалык станциялар кооптуу эмес » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Базалык станциялар кооптуу эмес

КР байланыш тармагы активдүү өнүгүүдө.  Жер-жерлерде  мобилдик технологияларды колдонууга болгон талап жана анын мүмкүнчүлүктөрү барган сайын сайын өсүп жатат.  Мобилдик телефондор  кыргызстандыктардын керектөөлөрүнүн ажырагыс бир бөлүгү болуп калды.



Жыл сайын уюлдук байланыш  кызматын колдонуучулардын  саны өсүүдө жана  камтуу аймактары кеңейүүдө.  КРӨ Мамлекеттик байланыш агенттиги  мобилдик  байланыш операторлору менен бирдикте республиканын бардык аймагында  мобилдик байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуу аракетиндеги жумуштарды аткарып жатат.

Акыркы учурларда жергиликтүү жашоочулар адамдын ден соолугуна зыян деген пикирде  базалык станцияларды (БС) орнотууга каршы  болуп жаткандыгына байланыштуу, КРӨ МБА элден базалык станциялардан чыккан нурдануулардын адамдын саламаттыгына тийгизген таасиринен кооптонбой эле коюусун суранат. Себеби,  байланыш операторлору БС бардык стандарттарга жана санитардык-эпидимиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык орнотуп,  эксплуатациялашат.     

БС долбоорлоо этабында эле байланыш операторлору электрмагниттик толкун  нурдануулардын  коопсуздугун тастыктоочу техникалык эсептерди көзөмөл жүргүзүүчү санитардык органдарга берип, тиешелүү документтерге   макулдашууларды жүргүзөт.  

 Мындан сырткары,  тургундар  уюлдук байланыш компаниялардан уруксат документтерди, ошону менен бирге Энергиянын агымынын тыгыздыгын ченөө протоколдорун  талап кылуга укугу бар.

Эгерде  БС нурданууларга кооптонуулар бар болсо,  базалык станциялардан чыккан нурдануулардын коопсуздук деңгээлин тастыктоо үчүн КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин  Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине кайрылууну сунуштайбыз.  

КРӨ Мамлекеттик байланыш агенттиги  жарандардан  аткарылып жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылуусун жана калкты сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу боюнча адистердин аткарып жаткан иштерине тоскоолдук жаратпоосун суранат. 

 Базалык станциялар тармагын өнүктүрүү жана модернизациялоо уюлдук байланыш операторлорунун абоненттери үчүн күн сайын сапаттуу  байланыш кызмат көрсөтүлөрүн колдонуу эле эмес,  кайсы жер  болбосун каалаган учурда шашылыш  кызматтарга байланышка чыгууга да мүмкүнчүлүк түзөт, жана  ошондой эле өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда дагы  үзгүлтүксүз жана  ишенимдүү  байланыш менен камсыз кылынат.


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться