Чолпондун "Төгүлгөн кечи" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чолпондун "Төгүлгөн кечи"

         Жаш акын, окутуучу, "Жаңы толкун" адабий бирикмесинин мүчөсү, жакында бет ачарын кылып жаткан "Төгүлгөн кеч" аттуу китептин автору Чолпон Орозалиева "Чыгармачыл чайхана" программасында конокто болду. 



      Токтогул өрөөнүнүн Сары Көөдө жайлоосунда бийик тоолорго аралаша өскөн эфирибиздин каарманы чыгармачылыгынын башаты дал ушул жаратылыш кубулуштары экенин баса белгилеп кеп баштады. 1 сааттык кызыктуу маек алкагында: 

- чыгармачылыгындагы ата-энесинин орду жана салымы;

- "Жаңы толкун" адабий бирикмесинин таасири жана андагы чыгармачыл жаштардын деми; 

- алгачкы поэтикалык ыр жыйнагынын чыгуу тарыхы;

- Аялдар поэзиясынын өзгөчөлүгү;

- "Төгүлгөн кеч" китебинин шааниси ж.б. темалар тууралуу баяндай кетти. Арийне маал-маалы менен өз калемине таандык ырлардан көркөм окуду. 

 

     Программанын толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

 

     МедиаМанас-2023, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Чолпондун "Төгүлгөн кечи" Чолпондун "Төгүлгөн кечи"

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться