Фахреттин Алтун Грециянын маалымат каражатына жер титирөө тууралуу интервью берди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Фахреттин Алтун Грециянын маалымат каражатына жер титирөө тууралуу интервью берди



ТРнын Президентинин аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Грециянын алдыңкы гезиндеринин бири, Kathimerini гезитине жер титирөө апааты тууралуу интервью берди.
Ал өз сөзүндө, Түркияда болгон жер титирөөнү "кылымдан апааты" деп атап, Түркиянын калкы бул оор күндөрдү биримдик менен жеңип жаткандыгын айтты.
"Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы баштаган, көптөгөн мекемелер жана уюмдар колдон келген аракетин кылып жатат. Түркия мамлекети жана улуту, биримдигин жана бүтүндүгүн ушул кыйын мезгилде ачык көрсөттү. Учурда биздин өкмөтүбүздүн жарандарыбыздын муктаждыктарын канааттандыруудан жана жер титирөөдөн жабыркаган шаарларыбызды калыбына келтирүүдөн башка маанилүү милдети жок" - деди ал.
Фахреттин Алтун Түркияда 1939-жылдан бери болгон эң чоң эки жер титирөөнүн болжол менен 9 сааттык аралык менен болгонун жана бул апаат бүткүл өлкөнү сестентип, 11 аймак жапа чеккенин да кошумчалады.
Алтундун айтымында, азыркы учурдун эң орчундуу иштери - элибиздин жараатын тезирээк айыктыруу, жарандарыбызды коопсуз жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу. Мындан сырткары ал, түрк элине берилген колдоо жана жардам эч качан унутулбарын да баса белгиледи.

 

AA

Фахреттин Алтун Грециянын маалымат каражатына жер титирөө тууралуу интервью берди

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться