Социалдык тармактардагы маалыматтар боюнча эскертүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Социалдык тармактардагы маалыматтар боюнча эскертүү



Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык тармактарда жер титирөө тууралуу тастыкталбаган билдирүүлөрдү таратуу кылмыш экенин белгилеп, жарандардын расмий булактардан гана маалымат алуусу керектигин жазды.
Фахреттин Алтун Твиттердеги билдирүүсүндө жер титирөөдөн жабыркаган жана куткарууну күтүп жаткан жарандарга тезирээк жетүү үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын туура колдонуунун өтө маанилүү экенин баса белгиледи.
Такталбаган маалыматтардын массалык түрдө таралышы же боттор аркылуу бөлүшүлгөн билдирүүлөр интернеттеги жалган маалыматтарды тездик менен арттырганын баса белгилеген Алтун:
"Социалдык тармактарда кара ниет адамдар тарабынан тастыкталбаган жана чындыкка дал келбеген билдирүүлөр, коомчулукка фейк маалыматтарды таратуу Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 5237-беренесине ылайык “кылмыш” деп саналат. Жарандарыбыздын жогоруда айтылгандай маалыматтарга ишенбөөсүн жана расмий булактардан маалымат алуусун сураныбыз.”

 

AA

Социалдык тармактардагы маалыматтар боюнча эскертүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться