Кырсыкты ынтымак жеңет » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кырсыкты ынтымак жеңет



 

Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маалымат министрлерине Түркиянын башынан өткөргөн жер титирөө апаатын баяндаган, жер титирөө тууралуу коомчулукка туура маалымат берүү жана дезинформацияга каршы күрөш тууралуу кат жөнөттү.
Ал бүткүл дүйнө эң чоң кырсыктардын бирине туш болгонун белгилеп, түрк калкынын абдан кайгылуу күндөрдү башынан өткөрүп жатканын жазган.
Кахраманмарашта болгон 7,7 жана 7,6 баллдык эки жер титирөөнүн болжол менен 13,5 миллион жаран жашаган кенен аймактагы 10 облуста чоң кыйроого алып келгенин жазган.
Алтун Түркияны катуу сестенткен бул чоң жер титирөөлөрдөн улам жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланганын эске салып, Конституциянын 119-беренесинин негизинде жер титирөө болгон аймакта 10 айга созулган өзгөчө кырдаал режиминин жарыяланганын да белгиледи.
Андан тышкары, Фахреттин Алтун катта: “Издөө иштери ар бир жараныбызды тапканга чейин уланат.” - деп баса белгиледи.

 

AA

Кырсыкты ынтымак жеңет

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться