ТРнын Президентинин Аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жер титирөөгө байланыштуу дезинформация боюнча эскертүү кылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТРнын Президентинин Аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жер титирөөгө байланыштуу дезинформация боюнча эскертүү кылды



Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жер титирөөгө байланыштуу расмий булактардан тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөө керектигин белгиледи. 
Фахреттин Алтун социалдык тармактардагы баракчасында Хатайда эки жолу катары менен болгон жер титирөөдөн кийин атайылап жалган маалымат тараткандор болгонун жазды.
Ал бул иш-аракеттердин кырсыкты жоюу процесстерине терс таасирин тийгизүүнү максат кылганын белгилеп: “Жарандарыбыздын расмий булактар аркылуу тастыкталбаган, каралоо, ушак-айың, божомолдор сыяктуу маалыматтарга ишенбей, расмий булактардан маалымат алуусу маанилүү. 
Негизсиз билдирүүлөр жана жалган кабарлар, жарандарыбызды башаламандыкка түрткөн, коомчулукка зыянын тийгизген маалыматтар тиешелүү коопсуздук кызматтары тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынат. Керек болсо дароо соттук териштирүүлөр башталат” - деди.

 

AA

ТРнын Президентинин Аппаратынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жер титирөөгө байланыштуу дезинформация боюнча эскертүү кылды

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться