Омардан ийгилик кеңеши » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Омардан ийгилик кеңеши

3-майда “Манас Фм” радиосунун Саламат Иманов алып барган “Автопортрет” программасынын студиясында Кыргызстандын эстрада жылдызы, Россиянын ырчы айымы Алла Пугачованын сүймөнчүгү жана жөн гана патриот мырзабыз Өмүрбек Жанышов конокто болду.



Омар мырза өзүнүн балалыгы, ырчылык тууралуу жана кеңеш катары төмөндөгүдөй сөз кылды: “Кичинекейимден эле музыканы жакшы көрчүмүн бирок ырчы болуу оюмда да жок болчу. Ырчылык тагдырыма жазылгандыр балким. Ырчылардын көбөйүүсүнө болсо менин эч кандай каршылыгым жок, себеби ар бир адамдын өз эрки жана дагы көптүн артынан сапат пайда болот эмеспи. Акырында тандалып татыктуулары гана калат деген ишеничтемин. Ийгиликке жетүү үчүн болсо менин оюмча эң биринчи ишеним болуп, ар бир адам биринчи өзүнө ишениши керек. Ишенимдин артынан аракет жана тартип болсо жана ошол тартип стабилдүү түрдө сакталса ийгилик өзү эле келет деген ойдомун. Кыргызстандын келечеги дагы алдыда. Алдыдагы келечекти жаркын кылуу болсо, азыркы жаштардын колунда.”

13-майдан 23-майга чейин орус жергесинде Омар өзүнүн жеке концертин өткөрмөкчү. Кыргызстанда болсо май айынын аягында өткөрө тургандыгын маалымдады. Эскерте кетсек! Омар “Жаңы Толкун” (Новая Волна) долбооруна катышып, ал жактан биринчиликти багындырып жана ошондой эле Россиянын атактуу ырчысы Алла Пугачованын кыргыз ырчыларынын арасынан сүймөнчүк ырчысы болууга да жетишкен. Омар мырзанын алдыдагы концерттерин чыдамсыздык менен күтмөкчүбүз жана ийгилик демекчибиз.

Жазган: Шайдылдаев Жоомарт.

Омардан ийгилик кеңеши Омардан ийгилик кеңеши

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться