Алтынбектен алтын саптар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Алтынбектен алтын саптар

"Иреттеп жан дүйнөмдү баш аламан,

Ичиме сүңгүп эшик ачам анан.

Өзүмдү ар кай жерден таап келем,

Өмүрү өзүм менен жашабаган.

 

Өзгөчө кубат берип жашыл аалам,

Өзүмдү чогултамын чачыраган.

Күзгүнүн маңдайына олтургузуп,

Күн сайын ырларымдын чачын алам" -деп ыр менен кеп баштаган КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Евразия Жазуучулар Союзунун Кыргызстандагы өкүлү, акын, котормочу педагог Алтынбек Исмаилов "Чыгармачыл чайхана" программасынын коногу болду. 



       1 сааттык программанын алкагында акын Алтынбек Исмаилов туулуп өскөн жери, таятасы менен таянесинин берген татыктуу тарбиясы, кантип ыр жазууга ышкыдар болуп калганы, эмне себептен скульптор болом деп жүрүп Түркология багытын тандап кеткени, анын чыгармачылыгынын өсүшүнө таасир тийгизген Салижан Жигитов баштаган устаттары, чыгарган китептери, кандайча котормо жанрына кызыгып калганы, учурда эмне менен алек болуп жатканы, жакында алган сыйлыгы тууралуу баяндап, ортолорунда жеке калемине таандык ырларын көркөм окуп берди. 

 

           Көрсөтүүнүн толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

 

           МедиаМанас-2023, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Алтынбектен алтын саптар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться