Мандарин - витаминдер кампасы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мандарин - витаминдер кампасы

Башка цитрус жемиштери сыяктуу эле, мандариндер витаминге жана клетчаткага өтө бай. Аларды үзгүлтүксүз жана рационалдуу, азык катары пайдалануу адамдын ден соолугуна пайда алып келет.



Мандаринде адамдар үчүн маанилүү минералдар көп санда кезигет. Мисалы: кремний, кобальт жана молибден. Бул заттардын баары көптөгөн ички процесстердин туура иштешине жардам берет.

Мандарин жез булагы болуп саналат. Бул мөмөдөгү жездин концентрациясы суткалык керектөөнүн 10%дан азыраагын гана түзсө да, башка көптөгөн жемиштерге салыштырмалуу көбүрөөк болуп саналат. Жез ден соолук үчүн абдан маанилүү, анткени ал кызыл кан клеткаларын түзүүгө, темирди сиңирүүгө жана ткандарга кычкылтекти ташууга жардам берет.

Бардык цитрус жемиштери С витамининин эң сонун булагы болуп саналат. Орто өлчөмдөгү мандаринде бул заттын суткалык керектөөсү 30% дан 40%га чейин барат. Башкача айтканда, мандаринди күнүмдүк рационуңузга кошуу сизге керектүү С витаминин алуунун эң сонун жолу.

Аскорбин кислотасы ошондой эле антиоксидант касиетке ээ. Ал организмдеги кычкылдануу менен күрөшүүдө иммундук клеткалардын ишине таасир этет. Ошондой эле, окумуштуулар жазгандай, бул зыяндуу микробдордун өлүмүнө өбөлгө болот, теринин жана ткандардын бүтүндүгүнө таасир этет.

Организмге зыян келтирбөө үчүн диетологдор күнүнө үч же төрттөн ашык эмес мөмө жегенди сунушташат. Мандаринди ач карын жегенге болбойт, анткени цитрустун курамындагы кислоталар ашказан-ичеги трактынын былжыр челине зыян келтириши мүмкүн.

Тамактануудагы клетчаткалардын өзгөрүүсүнө сезгич адамдар этият болуусу абзел, себеби, диетологдордун айтымына караганда, алар жетиштүү өлчөмдөн бир аз көбүрөөк жеген учурда: диарея, ашказандагы ашыкча газдын пайда болушу деген сыяктуу ж/б көйгөйлөргө дуушар болушу мүмкүн. Бул абдан жекече (индивидуалдуу) жагдай жана көп нерседен көз каранды; кимдир бирөө ыңгайсыздыкты сезиши үчүн 2-3 мандарин жесе жетиштүү, ал эми кимдир бирөө килограммды да беймарал жей берет.

Жазган: Айзирек Касымалиева


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться