Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Гейдар Алиевдин 93 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде КРдагы Азербайжан элчилиги менен биргеликте Азербайжандын көрүнүктүү ишмери, тунгуч президенти Гейдар Алиевдин 93 жылдыгына арналган  эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Эскерүү кечеси 1 минуталык эскерүү жана улуттук гимндердин ойнолушу менен башталды. Андан соң эскерүү кечесинин катышуучулары Азербайжандын тунгуч президенти Гейдар Алиев тууралуу тартылган тасмага күбө болушту.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы Гейдар Алиев Азербайжан элин жана өлкөнү көз карандысыз жылдарында кыйроодон сактап калган жана эл аралык аренада таанымал лидер экендигин баса белгилеп, Түрк дүйнөсү бир мамлекет экенин жана ар дайым бирге болуу керектигин баса белгиледи. Ал эми Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Хидает Оружов учурунда Г.Алиевдин катчысы болуп иштегенин айтып, анын Азербайжан элинин ишенимин актоого берилген жетекчи болгондугуна токтолду. Ошондой эле адабият, тарых жана жаштардын билим алуусуна өзгөчө көңүл бурган деди.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч Гейдар Алиевдин атын алгач 80-жылдары укканын, ошол жылдары анын ысмы мактоо менен айтылып тургандыгы жана  лидер болуу оңой эместиги, тарыхта татыктуу жол башчылардын гана аты калаарын эске салды.

Ачылыш сөздөрүнөн соң, Азербайжандын көрүнүктүү ишмери, тунгуч президенти Гейдар Алиевдин 93 жылдыгын эскерүү иш-чарасы кыскача панель менен уланды, анда Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Фахри Үнан, Кыргызстандагы Азербайжан диаспорасынын жетекчиси Азиз Алиев, тарых бөлүмүнүн доценти Юнус Емре Гүрбүз, КР эмгек сиңирген врач-дарыгери Акиф Алафердов, тарых бөлүмүнүн ага окутуучусу Жээнбек Алымбаев, КР эмгек сиңирген куруучусу Асад Хасанов, Б.Ельцин атындагы кыргыз-орус Славян университетинин ага окутуучусу Малахат Маммадова, Кант шаардык парламентинин депутаты Рахим Рахимов Гейдар Алиевди эскеришип, анын саясий ишмердүүлүгү, тарыхтагы орду тууралуу сөз сүйлөштү.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди Гейдар Алиевдин 93 жылдыгы эскерилди

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться