Үй бүлөлүк гармония: Ишен жана Гүлзат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Үй бүлөлүк гармония: Ишен жана Гүлзат

           Үй бүлөдө тынчтык болсо коомдо дагы бейпилчилик болору анык эмеспи. Анткен менен үй бүлөдөгү тынчтык жубайлардын өз ара сый-урматынан камсыздалат. Дал ошондой сый мамиле бүгүнкү биздин каармандарыбыздын ортосунда бекем жашап келет. "Чыгармачыл чайхана" программасынын бул жолку коноктору обончу, аткаруучу Ишен Календеров жубайы КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлзат Байзакова болушту. 



              Бөлүнгөн убакыттын ичинде үлгүлүү  үй бүлө  Ишен Календеров Таластын Караколунан, Гүлзат Байзакова Ысык-Көлдүн Тоңунан аттанып чыккан чыгармачылык баяндарын, кайсы окуу жайда окушкандарын, окуу учурундагы алган билимдеринин сапатын, кандайча таанышып калышканын, кандай уулуу педагогдордон сабак алышканын, үй бүлө кургандан кийинки кыйынчылык учурларды, балдарынын, келиндеринин таланттарын, келечек пландарын айтып беришип, Н.Нышановдун обонуна жазылган залкар Арстанбек Буйлаш уулунун казалын жандуу аткарып кетишти. 

 

             Программанын толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

             МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Үй бүлөлүк гармония: Ишен жана Гүлзат Үй бүлөлүк гармония: Ишен жана Гүлзат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться