Улуу тоонун уулу Эдуард Кубатов » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Улуу тоонун уулу Эдуард Кубатов

"Жаңы күн" программасында КРнын Альпинизм федерациясынын президенти, Эвересттин чокусуна чыккан альпинист Эдуард Кубатов конокто болду.



Эдуард Кубатов алгач өзү тууралуу маалымат менен бөлүштү. Туулган жери , балалыгын эске салды. Мындан тышкары тоолор , тажрыйбасы, Эверест тууралуу кеп кылды.

Маектин жүрүшүндө Эдуард Кубатов тоолорду канчалык жакшы көрөрүн жана  тоолор жашоосу экенин айтып берди. Эң чоң  максаттарынын бири болгон Эверест чокусун багындыруудан мурунку жана азыркы жашоосундагы өзгөрүүлөр тууралуу да маек куруп берди. Өзүнүн айтуусунда "Бүгүнкү күн менен жашайлы , бүгүн бактылуу бололу , ар бир секунд ар бир мүнөттүбүздү жакшы иш , жакшы маанай менен толтуралы. Эң негизгиси аны башкалар менен да бөлүшөлү.  Ар бир ишибизди адал жана жакшы кылалы ."

Эфирдин аягында жаштарга кеңеши, " Билим алуу. Бир гана билим бизди башка деңгээлге чыгарат.  Анан эң негизгиси эч нерседен коркпогула, өзүңөргө ишенгиле. Өзүңөргө ишенбесеңер бир да кыял, максат ишке ашпайт."

 

Маекти толугу толугу алдыдагы шилтемеден көрө аласыз

Жазган: Гипариза Суракманова


Загрузка плеера...


Улуу тоонун уулу Эдуард Кубатов Улуу тоонун уулу Эдуард Кубатов Улуу тоонун уулу Эдуард Кубатов Улуу тоонун уулу Эдуард Кубатов

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться