Сыйлык ээси Гүлзинат » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Сыйлык ээси Гүлзинат

         Гүлзинат Суранчиева - жакында эле Россия жергесинде өткөн "Musica Classica" деген аталыштагы XXXI-Эл Аралык фестиваль-конкурста, фортепияно жанрында 1-орунду багындырган, жаш болсо дагы кыргыз музыкасына өзүнүн эбегейсиз салымын кошуп келе жаткан дасыккан адис. Дал ушул кароо-сынактын таржымалын билели деп КРнын Эмгек сиңирген артисти Гүлзинат Суранчиеваны "Чыгармачыл чайхана" программасына конок катары чакырганбыз. 



        Эфирдин жүрүшүндө Гүлзинат айым аталган таймаштын чоо-жайын, канча убакыт профессионалдык деңгээлде ал сынакка даярдандагын, канча чыгарма дайындап барганын, кандай деңгээлде ойногонун, сыйлык тапшыруу аземи учурундагы ички сезимдерин, профессионалдык классикалык музыка тармагында фортепионо аспапчысы катары өзүн биринчи ирет сынап көргөнүн, жеке музыкалык карьералык жолун, чыгармачылыгындагы апасынын ролун, легендарлуу "Шантелл" тобунун түзүлүү тарыхын ж.б. көп окуяларды баяндап берди. 

 

         Программанын толук вариантын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

         МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Сыйлык ээси Гүлзинат Сыйлык ээси Гүлзинат

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться