Кезектеги "Чоң экран" берүүсүнүн коногу, "Кокуй кошуна", "Кошунаны тандабайт", "Ракета" ж.б тасмаларынын баш каарманы ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева менен кино тармагындагы жолу, андагы кыйынчылыктар жана кызыктуу окуялары тууралуу кеп кылдык.
"Бир тасмамдын премьерасы болуп жаткан. Мен бардык жакындарымды киргизип коюп, өзүм аягында кирмекмин. Бирок аягында билет текшерген эже "Билетиң жок экен" деп мени тааныбай, же "Мен бул тасмага тартылгам" деп уялып, айта албай, айтор киргизбей койгон. Режиссерго чалып жатып, араң өз тасмамдын премьерасына киргем" деп кинодогу карьерасын баштап жаткандагы кызыктуу окуяларын күлкү менен айтып отурду☺️☺️☺️
Эфирди толугу менен биздин MEDIA MANAS YouTube каналыбыздан көрүңүздөр.