КТМУ Миланда » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУ Миланда

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Италиянын Милан шаарында симпозиумга катышты.



Мехмет Акиф Эрсой университети, Техас университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети биргеликте уюштурган «Эл аралык коомдук илимдерде жаңы тенденциялар» аттуу симпозиум 2016-жылдын 28 апрель – 1 май күндөрү Италиянын Милан шаарында өттү.

Симпозиумга университтин атынан Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин мүдүрү Доц.(PhD) Барыш Эрдем жана Саякат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн башчысы Проф. (PhD) Шенол Чавуш катышты

Симпозиумдун уюштуруу комитетинин мүчөсү Жогорку мектептин мүдүрү Доц.(PhD) Барыш Эрдем симпозиум тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи: “Ааламдашуу процессинен улам коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдү бир дисциплинанын гана призмасынан кароого мүмкүн болбой калды. Бул абал, дисциплиналар аралык эмгектердин жаралышын шарттоодо. Аталган симпозиум дал ушундай дисциплиналар аралык эмгектердин талкуулануусуна ыңгайлуу платформа түзөт ж.а. о.э. ар кыл дисциплиналарда эмгектенген изилдөөчүлөрдүн башын бириктирип, байланыш куруп кызматташуулардын артуусуна салым кошот. Ал эми университетибиз симпозиумдун партнеру болушу унивеситетибиздин таанытуу иш чараларына да өз салымын кошту”.

Миланда өткөн симпозиумга ар кыл дисциплиналардан 150гө чукул изилдөөчүлөр катышты.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

КТМУ Миланда КТМУ Миланда КТМУ Миланда КТМУ Миланда КТМУ Миланда КТМУ Миланда КТМУ Миланда

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться