КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү

“Манас” университетинин демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү.



Борбор Азия жана коңшу өлкөлөрдү кучагына алган биримдикке 15 өлкөдөн 29 университет мүчө болду. Ассоциация Борбор Азияда илим-билим, экономика, социалдык жана маданий кызматташууну арттыруу жаатында салым кошуу, улуттар аралык биримдиктин чыңдалышына пайдубал түптөө максатын коет.

“Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” жогорку окуу жайлар арасындагы кызматташтыкты бекемдеп, окутуучулар менен студенттердин биримдигин, маданият аралык достук жана орток диплом программалары, аккредитация механизми жана сапатту иш системасын түзүү, мүчө болгон окуу жайлардын күчтүү жактарын эске алуу менен бирге аймактык өнүүгүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгууну көздөйт.

Аталган биримдиктин кол коюу аземинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, эл аралык мамилелерди чыңдоо жана биргеликте иш алып баруунун өзгөчө жогорку окуу жайлар үчүн мааниси чоң экенин белгиледи. Мекемелер арасындагы кызматташуу жана биргелешкен долбоорлор аркылуу окуу жайлардын арасындагы ынтымак да чыңаларын айткан Себахаттин Балжы, бүгүнтөн тарта өз ишин баштаган биримдик мындан ары тездик менен өнүгөөрүнө болгон ишеними чоң экенин айтты.

КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев аталган биримдик билим берүү жаатына зор ийгиликтерге жетишип, элдин жашоо-турмушун жакшыртууда зор салым кошорун баса белгилеп өттү.

Кол коюу аземине катышкан Афганистан, Азербайжан, Казахстан, Кыргызстан, Македония, Тажикстан жана Түркия мамлекеттеринен университет жетекчилери да ассоциация тууралуу өз ойлору менен бөлүшүштү.

Жаңы түзүлгөн биримдикке кол коюу аземинен соң Манас университети биримдикке мүчө болгон жогорку окуу жайларынын башчыларына атайын белектерди тапшырышты. Өз кезегинде окуу жайлардын өкүлдөрү да Манас университетинин ректору жана биринчи проректоруна белектерин ыйгарышты.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен аягына чыкты.

Белгилей кетсек, “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясынын” жетекчилигине тандалып алынган Манас университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы башкаруу кеңешин түзүп, аталган биримдикти 3 жыл боюнча башкармакчы.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу


Загрузка плеера...


КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү КТМУнун демилгеси менен “Борбор Азия университеттеринин ассоциациясы” түзүлдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться