“Тарых жана маданият” жылын өткөрүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Тарых жана маданият” жылын өткөрүү



  Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен быйлыкы жылы мамлекетибизде “Тарых жана маданият” жылы деп жарыяланды. Мына ошол иш-чараны өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын директору, белгилүү жазуучу жана публицист Султан Раев  Манас фм радиосунда  алдыдагы уюштуруу иштери туурасында маалымат берди. Анын айтымында, быйыл Кыргызстандын эгемендигин 25 жылдыгы менен бирге 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы,  улуу залкар, ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана кыргыз мамлекетин сактоого өзгөчө салымын кошкон, чыгаан инсан Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. 

  Султан Раев өз сөзүндө : “Тарых жана маданият  кыргыз элинде өзгөчө бир түшүнүк катары саналат, ошондой эле мамлекетибизди түптөп, кармап,  кылымдардан бери сактап, бириктирип,  чыңалтып, бүгүнкү күнгө алып келген дал ушул тарыхыбыз жана маданиятыбыз. Президент А. Атамбаевдин бул жарлыгы  маданият менен тарыхка дем күч берип, өлкөбүздө системалуу чоң өзгөрүүлөр болоору шексиз. Себеби, мамлекеттик деңгээлде саясий чечимдин кабыл алынышы  ошол маселеге бизди түртүп жатат”  деген жазуучу, учурда кытай булактарында  б.з.ч.542-524жж. таандык кыргыз тарыхы жөнүндө өтө орчундуу жазмалар табылганын, ошондой эле  кыргыз эли улуу тарыхка, улуу маданиятка ээ улуу эл экенин баса белгилеп өттү. Булар менен катар  жазуучу, бул жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 78 ири иш-чара бекилгенин жана бул иш-чаралардын бардыгы 2016-жылдын алкагында өтөөрүн билдирди.

  “Маданият жылын өткөрүү бир гана мамлекетке, өкмөткө же болбосо бийлик өкүлдөрүнө эле  эмес, кыргызмын деген ар бир жаранга тиешелүү. Алгач эле ар бирибиз өз тарыхыбызды сыйлап, кастарласак бул тарыхыбызга аз да болсо салым кошуп баштоо дегенди туюндурат. Маданият дагы мамлекетте же чоң иштерде иштөө менен эмес, адамдын дилинен, көкүрөгүнөн башталат.  Ар бир инсан өзү жашаган шаарын сыйласа, тазалыгына көз чаптырса, жашылдандырууга аракет кылса, өзүн маданияттуу алып жүрсө дагы маданият үчүн чоң салым” деген С.Раев, учурда “Бир жаран-бир көчөт” аттуу акциянын республиканын бардык аймагында колдоого татып, 1миллион 280миң дарак отургузулганын жана бул акциянын май айына чейин уланаарын  айтты. 

  Мындан сырткары кыргыз тарыхында өтө кайгылуу, ошону менен катар өзгөчө орунду ээлеген 1916-жылдагы кыргыз элинин улуттук боштондук күрөшүндө курман болгондорго таазим ирээтинде Ата-Бейит мемориалдык комплексинде атайын курулуш иштери башталганын баса белгилеп өттү. “1916-жылдагы улуттук боштондук  күрөш кыргыз мамлекетинин түзүлүшүндөгү эң чоң тарыхый окуя катары кала берет. Учурда Кыргызстандын бардык аймактарындагы ЖОЖдордо буга байланышкан илимий конференциялар өткөрүлүп жатат. Ошондой эле ушул жылдын алкагында үркүндө набыт болгон биздин ата-бабаларыбызга таазим ирээтинде  Ата-Бейитке үркүнгө арналган чоң комплекс курулууда. Скульптор Ажиев башында турган   чыгармачыл топ  мемориалдык комплекстин скульптуралык, композициялык  иштеренин үстүндө иштеп жатышат. Дал ушул жылдын 31-августунда б.а. КРнын эгемендүүлүк майрамында, Президенттин жана жалпы элдин катышуусу менен 1916-жылга арналган комплексти ачуу аземи болот” деп  жазуучу, публицист С.Раев сөзүн жыйынтыктады.

  Албетте, баарыбызга белгилүү болгондой азыркы күндө маданият менен тарыхтын орду өтө чоң, глобалдык жактан алганда учурда дүйнөдө ар кандай окуялар болуп жатат, ошолордун бардыгы түшүнүктөр менен негиздердин кагылышы. Б.а. дүйнөлүк цивилизациялык кагылыштар.  Мына ошол себептен тарых жана маданият биздин жашообузда абдан маанилүү роль ойнойт. Демек, “Тарых жана маданият” жылына ар бирин жаран маани берип, өз салымыбызды кошолу. 

“Тарых жана маданият” жылын өткөрүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться