Валюталык режим керекпи? » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Валюталык режим керекпи?

Акыркы мезгилде биздин өлкөдө валюталык кеңеш түзүү жөнүндө демилге көтөрүлө баштады.



Мисалы, өзүн илимпоз, экономист катары баалаган Кубан Чороев аттуу жаран мындай жол менен проблемалуу карызгерлердин маселесин чечүүгө боло тургандыгын жар салып келе жатат. Бул сунуштун оң жана терс тарабын талдай билүү үчүн биз валюталык режимди башынан кечирген өлкөнүн жараны жана эл аралык уюмдарда консультант болуп иштеп келген болгариялык финансист Росен Николовдун пикирин угуп кордук. Анын баамында валюталык режимди өлкөгө киргизүү аркылуу карызгерлер көйгөйүнөн арылат деген ой, такыр туура эмес.

Росен НИКОЛОВ, көз карандысыз финансылык эксперт:

Валюталык кеңеш режим деген бул - ата мекендик валюта 100% эл аралык резервдер менен колдоого алынган акчалай система. Аны алмаштыруу белгиленген алмашуу курсу менен жүргүзүлгөн, ал өз кезегинде, узак мөөнөттүү перспективада ишенимдүүлүк үчүн тиешелүү атайын мыйзам менен бекемделген акча системасы болуп саналат. Бул жергиликтүү валюта үчүн өзүнчө бир алтын стандарт, бирок ал алтындын ордуна жергиликтүү валюта локалдуу рынокто эркин, бирок, белгиленген ставка боюнча алмаштырылуучу резервдик валюта менен бекемделген.

Мен валюталык кеңешти “келишимдик” деп атайт элем, себеби бул жергиликтүү валютаны түзүү жана колдоого керектүү механизм. Коммерциялык банктар эгерде алар резервдик валютаны (долларды же еврону) белгиленген баада валюталык рынокто сатышса, жергиликтүү акчаны түзө алышат.

Бул механизм Борбордук банктын акча саясатынын функциясы болуп саналбайт, а Борбордук банк валюталык жөнгө салуу режимин жүзөгө ашырбайт. Ошондуктан Борбордук банк коммерциялык банктарды же өкмөттү кайра финансылай албайт, башкача айтканда, ал бюджеттин тартыштыгын финансылай албайт жана банк системасы үчүн акыркы инстанциянын финансыланышын камсыз кыла албайт. Ошондуктан банктардын ата мекендик валютадагы ликвиддүүлүгү бул учурда алар тараптан резервдик валютаны сатуу жолу менен гана түзүлө алышы мүмкүн.

Көрүнүп тургандай, валюталык кеңеш режими жергиликтүү финансылык органдын финансылык системадагы кризистик кырдаалда акчалай сунушту башкарууда маневр үчүн көптөгөн чектөөлөргө жана тоскоолдуктарга ээ.

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться