Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум

“Манас” университетинде Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорумдун ачылышы өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорумдун ачылышы өттү. Окуу жайыбыздын 20 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан форумга Кыргызстандын бардык тарабынан медиа жетекчилер жана өкүлдөр катышышты. Аталган иш-чара университеттин Коммуникаци факультети тарабынан уюштурулуп, эки күнгө созулмакчы.

Медиа форумдун ачылышында университетибиздин ректору, профессор Себахаттин Балжы конокторго “Манас” университетин тууралуу маалымат берип, төмөнкүлөргө токтолду: “Биздин максат дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү окуу жай болуу. “Манас” университети Кыргзстандын билим берүүдөгү брендине айланышы керек. Дүйнөдө 25 миң университет болсо, булардын арасында биздин да ордубуз болууга тийиш деп ойлойм. Буюрса, биз эң мыкты 500 окуу жайдын арасында болууга милдеттүүбүз”,- деди.

Ачылыш сөзүнөн соң келген коноктор да окуу жайыбыз тууралуу оз ойлору менен бөлүшүштү.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков “Манас” университети студенттери үчүн билим берүүдө жана өзүн өстүрүүдө мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзуп берип жатканын белгиледи. “Ар бирибиз билимдүү болуу аркылуу өлкөбүзгө салым кошо алабыз. Анткени бир мамлекеттин эч нерсеге алмашкыс байлыгы бул- билимдүү адам ресурсу. Жүрөгү Кыргызстаным деген соккон мекенчил жаштар үчүн эң кечирилгис күнөө бул-билимсиз болуу”,- деди И.Карыпбеков. Ал ошондой эле билим берүү жаатында үлгү болорлук салым кошуп жаткан “Манас” университетине ыраазычылык билдирерин кошумчалады.

“Кут Билим” гезитинин башкы редактору Кубат Чекиров Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгынын эң мыты жемиши “Манас” университети экендигин айтты: “Окуу жай билими күчтүү адистерди даярдап жатат. Учурда талапты күчтүү койгон медиасекторлордо “Манас” университетинин бүтүрүүчүлөрү ийгиликтүү иш алып барып жатканы буга далил”,- деди.

Ал эми “Кабар” маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Табалдиев өз кезегинде жашоосунун 12 жылы дал ушул окуу жай менен байланышта экендигин белгилеп, университеттеги билим берүү системасы замандын талабына шайкеш келерин баса белгиледи. “Окуу жай Кыргызстан менен Түркиянын келечегине салым кошо турган күчтүү адистерди тарбиялап жатат”,-деген ойдо К.Табалдиев.

Форумда Кыргызстандын жети дубанынан келген медиа жетекчилерине да сөз берилди. Бардыгы тең бир ооздон бүгүнкү замандын талабы талыкпай билим алуу экендигине токтолушту.

Ачылыш аземинен кийин окуу жайыбызга келген коноктор университеттин кампусун толук аралап, чакан саякат уюштурушту. Мунун алкагында алар окуу жайдын тарых музейи, технопаркында болушуп, андан соң “Манастын” телестудиясында конокто болушту. Оуу жайыбыздын ректору менен биринчи проректоруна “Манас” университети, алдыдагы пландар тууралуу суроолоруна жооп ала алышты.

Медиафорумдун 2-күнүндө коноктор студенттер менен маектешип, аларга кезек-кезеги менен мастер-класс өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшүшмөкчү.

 

 


Загрузка плеера...


Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум Кыргызстандын ЖМКларынын башын бириктирген медиафорум

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться