Саякатчы, мотоцикл менен миңдеген километр жүргөн Саффет Дүзгүнер менен маек курдук.
Голландиядан чыгып, Түркия, Грузия, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанды кыдырган саякатчы узун сапарындагы кызыктуу окуялары, мото-саякаттагы тажрыйбалары, Кыргызстанда көргөн кооз жерлери жана жүрөгүндө из калтырган инсандар тууралуу айтып берди.
Программада төмөнкү суроолорго жооп ала аласыздар:
- Сиз канча убакыттан бери саякаттап келесиз?
- Биринчи сапарыңыз кайда болгон?
- Кыргызстанга качан келдиңиз? Кайсы жерлерге бардыңыз?
- Сиз өзгөчө кызыктуу кырдаалдарга туш болдуңуз беле? Эң кызыктуусу тууралуу айтып бере аласызбы?
- Кыргызстандын кайсы жерлерине сөзсүз кайткыңыз келет жана эмне үчүн?
- Бул жерден кандай адамдар менен тааныштыңыз?
- Кийинки сапарыңыз үчүн өлкөнү (шаарды, жайгашкан жерди) кантип тандайсыз?
- Сиз үчүн саякаттоонун негизги максаты эмне? Саякаттын аркасында жашооңузда эмне өзгөрдү?
- Мотоцикл менен саякаттоо оңой эмес, дөңгөлөк жарылып, моторцикл бузулушу мүмкүн. Мындай учурларда эмне кыласыз?
- Сиз саякат маршрутун же планын түзөсүзбү? Же кырдаалга жараша өзгөрөбү?
- Сиз адатта саякат бюджетиңизди кантип эсептейсиз? ал турат, эмне кылат?
- Сиздей мотоцикл менен саякаттагысы келип, бирок батына албагандарга кеңеш бере аласызбы?
- Жашооңузда мотоцикл менен канча километр жол басып өттүңүз?