Жакында “Мега той” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Жакында “Мега той”

“Манас Фм” радиосунун  “Автопортрет” программасында “Көпөлөк”, “Милиондук мелдеш”, “Сен эмне кылмаксын?”, “Соолуган карек” жана май айында жаңы чыга турган “Мега той” тасмаларынын мега режиссеру Сүйүн Откеев конокто болду.



   “Автопортрет” программасынын кезектеги уктуруусунда кыргыз режиссерлорунун арасында аттын кашкасындай таанылган, “Медиа Стар продакшн” студиясынын директору, элдин жашоосунан алынган тасмаларды жараткан Сүйүн Откеев конокто болуп кетти. Сүйүн мырза өзүнүн келечектеги максаты тууралуу: “Кыргызстанда азырынча даңазалуу сыйлыкка татыктуу бир да тасма болгон эмес. Бизде көбүнчөсүн коммерциялык тасмалар тартылат. Башка элдер да түшүнгөн, глобалдуу бир көйгөйлөрдү камтыган тасмаларды көбүрөөк жаратышыбыз керек. Ушуга байланыштуу алдыдагы 10 жыл ичинде сапаттуу, башка улуттун өкүлдөрүнө да жеткиликтүү болгон, глобалдуу бир көйгөйдү чагылдырган тасма тартуу жана “Кан” же болбосо андан да кадырлуу бир сыйлыкты Кыргызстанды даңазалоо үчүн багындыруу-менин биринчи максатым!”-деп, сөз кылып өттү.

   Эскерте кетчү нерсе! 29-майда көптөн күткөн Сүйүн Откеевдин “Мега той” жаңы тасмасынын Кыргызстандын баардык кино-театрларында биринчи бет ачары башталмакчы. Биздин жаш жана патриот режиссерубуз Сүйүн Откеев мырзага ийгилик каалап, келечектеги максаттарынын баардыгы орундалышына чын жүрөктөн тилектешпиз.

Жазган: Шайдылдаев Жоомарт.

Жакында  “Мега той” Жакында  “Мега той”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться