Күч көнүгүүлөрүнүн адамдардын дене-боюн өнүктүрүүгө тийгизген таасири » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Күч көнүгүүлөрүнүн адамдардын дене-боюн өнүктүрүүгө тийгизген таасири



       Спорт ден соолуктун булагы деп бекер айтылбаса керек. Спорттун жөнөкөй бир түрү менен машыккан болсоңуз дагы дайыма тонуста жүрөсүз. Дал ушундай багытта КТМУнун Спорт билимдер факультетинин ага окутуучусу Бакыт Асаналиев студиябыздын коногу болду. 

      "Тема" телепрограммасынын алкагында Бакыт агай жайкы периоддо күндүн жылуулугунан пайдаланып, атайы фитнес залына барбаган катардагы инсандарга төмөнкү күч көнүгүүлөрдү кеңеш кылып айтып кетти:

- эртең менен саат эң кеч 7 де туруп 40 минута аралыгында 800-1000 метрдей аралыкты жөө басып келүү

- жерден түртүнүү көнүгүүсүн (отжимание) жасоо, 10 жолудан 5 ирет;

- ич булчуңдарды чыңдоо (пресс качание) 10 жолудан 5 ирет;

- отуруп туруу (присидание) 15 жолудан 5 ирет;

- артка кайкалоо (упражнение рыбка) 10 жолудан 5 ирет;

- турникке асылып туруу;

- муздак сууга чайкануу; 

 

        Дал ушул эң жөнөкөй көнүгүүлөр менен денебизди чыңдап, ишке болгон жөндөмдүүлүгүбүздү арттыра алаарыбызды Бакыт мырза баса белгиледи.

 

            Программанын толук варианты төмөнкү видеоматериалда камтылган. 

     

            МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Күч көнүгүүлөрүнүн адамдардын дене-боюн өнүктүрүүгө тийгизген таасири Күч көнүгүүлөрүнүн адамдардын дене-боюн өнүктүрүүгө тийгизген таасири

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться