Заманбап жемиш өстүрүүчүлүк зарылбы? » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Заманбап жемиш өстүрүүчүлүк зарылбы?

Заманбап бакча курууда негизи бири-бирине өтө жакын тигилген бактарды элестетпеш керек. Жакын тигүүдөн максат жыл сайын бирдей жана туруктуу түшүм алуу болуп саналат. Сууну жана химикатты аз колдонуу менен мыкты түшүм алуунун системалык жолу десек да болот. 



       КТМУнун Айыл чарба факультетинин деканынын жардамчысы, профессор, илимдин доктору Ахмет Айгүн "Тема" теледолбоорунда конокто болду. Кызыктуу темалардын бири катары заманбап, интенсивдүү бак өстүрүү жана андан бай түшүм алуунун жолдорун сунуштады. 

          Эфирдин жүрүшүндө Ахмет мырза:

- заманбап бак өстүрүүнүн кыскача тарыхчасын;

- жарым жапыз өсүүчү бактар менен жапыз өсүүчү бактардын өзгөчөлүктөрүн;

- заманбап бак өстүрүү ыкмасы менен классикалык үлгүдө бак өстүрүүнүн айырмачылыктарын;

- заманбап бакча өстүрүүгө керектелчү каражат маселесин; 

- заманбап бакча өстүрүүдө дуушар болчу кыйынчылыктар жана аны коргоонун жолдорун ж.б. фактыларды айтып берди. 

          Маекти кыргыз тилине которууда аталган факульттетин илимий кызматкери Таир Эсенаалы уулу жардамчы болду. 

             Программаны толук бойдон төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

 

                  МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев


Загрузка плеера...


Заманбап жемиш өстүрүүчүлүк зарылбы?

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться