Мектепке чейинки курактагы балдардын технологиялык каражаттарды туура колдонуусу » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мектепке чейинки курактагы балдардын технологиялык каражаттарды туура колдонуусу

Технологиядагы жетишкендиктерден улам балдар достору менен көчөдө жана сейил бактарда өтчү убакыттарынын чоң бөлүгүн компьютер жана телевизор экранынын алдында өткөрүшө башташты. Экран (телевизор, компьютер, планшет, видеооюндар, социалдык медиа ж.б.) азыркы балдардын күнүмдүк жашоосунун дээрлик ажырагыс бөлүгү. Технология анын колдонулушуна жараша баланын өнүгүүсүнө оң же терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 



        Дал ушундай пикирди айтуу менен "Тема" теледолбоорунун коногу КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин ага окутуучусу Саадет Караоглан  маекти баштады. Прграмманын алкагында ал:

- гаджеттердин балдардын жашоосундагы ордун;

- 0-3 жаш аралыгындагы балдарда гаджет колдонууга уруксат берсек, келип чыкчу кесепеттерин;

- 3-6 жаш аралыгындагы балдарды гаджеттерди кантип туура колдонуу керектигин;

- Балдардын гаджеттер алдында пассив калып жатканын жана аны кандайча активге айландырса болорун; ж.б. кызыктуу темаларды айтып берди. 

             Маекти кыргыз тилине Гүлкайыр Абдишүкүр кызы которуп берди. 

 

             Толук чыгарылышын төмөнкү видеодон көрө аласыздар. 

 

             МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Мектепке чейинки курактагы балдардын технологиялык каражаттарды туура колдонуусу Мектепке чейинки курактагы балдардын технологиялык каражаттарды туура колдонуусу

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться