Туура кесип тандоо » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Туура кесип тандоо

Жашообуздун үчтөн бир бөлүгүн тандаган кесибибиз менен өткөрөбүз. Ошондуктан кесип тандоону мектепти бүтөөр жылдарга калтырбаш керек. 8-9 класстан тарта балдарынын жөндөмүнө жараша ата-энелер багыт берип баштаса жакшы болот. Андан сырткары жөндөм жана кызыгууга жараша кесип тандалса, адам жасаган ишинен ырахат ала алат.



         КТМУнун Табийгый илимдер факультетинин кенже илимий кызматкери, PhD доктору Пейил Эсенгул кызы "Тема" телекөрсөтүүсүнүн коногу болду. Эркин тема катары жашообуздагы эгедер болгон кесибибиздин маанилүүлүгүн жана аны тандоодо эмнелерди туура аткарышыбыз керек экенин айтып берди. 

          Негизинен Пейил айым эфирдин жүрүшүндө, бүтүрүүчүнүн кесип тандоосунда ата-эне, мугалим, бир тууган жана чөйрө пикирлеринин маанилүү экенин баса белгиледи. 

Адам жөндөмдүүлүгү жана профессионалдык багыт боюнча түзүлгөн Саломинин тестине токтолуп:

- адам менен адам,

- адам менен техника

- адам менен белги системасы

- адам менен көркөм өнөр

- адам жана жаратылыш факторлорун баяндай кетти.

          Мындан сырткары кесип тандоодогу "аткаруучу" жана "жаратуучу" түшүнүктөрүн чечмелеп өттү. 

 

          Көрсөтүүнүн толук варианты менен төмөнкү видео аркылуу тааныша аласыздар. 

 

          МедиаМанас-2022, Жылдызбек Турсунбаев 


Загрузка плеера...


Туура кесип тандоо Туура кесип тандоо

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться